КТМУ Теология факультетинин социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 28-апрелинде университет студенттерине арналган “Намаздагы сөздөрдүн жана кыймылдардын мааниси” аттуу семинар факультет кызматкери Жамила Жораеванын координаторлугу менен өткөрүлдү.
Студенттерге багытталган “Намаздагы сөздөрдүн жана кыймылдардын мааниси” аттуу семинарды Жаркынай Сейитбек кызы өткөрүп, иш-чарага көп сандагы студенттер катышты. Программада намаз ибадаты жөн гана физикалык кыймылдардан турбастан, терең руханий жана аң-сезимдик мааниге ээ экени баса белгиленди.
Семинарда намаз учурунда окулган дубалардын жана аткарылган кыймылдардын мааниси кеңири түшүндүрүлдү. Ошондой эле рукуу, сежде жана кыям сыяктуу негизги кыймылдардын символикалык маанилерине токтолулду. Бул кыймылдардын адамдын момундугун, моюн сунуусун жана кулчулук аң-сезимин чагылдырганы белгиленди. Катышуучуларга намаз жөн гана милдет эмес, адамдын ички дүйнөсүн бекемдеген ибадат экени түшүндүрүлдү.
Семинардын соңунда студенттердин суроолоруна жооп берилип, катышуучулар программа өздөрү үчүн абдан пайдалуу болгонун билдиришти. Иш-чара руханий аң-сезимди жогорулатууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды.
.jpg)