2026-04-30

Теология факультетинде Куран жана хутба жарыштыранын сыйлык тапшыруу аземи


КТМУ Теология факультетинде 2026-жылдын 27-апрелинде студенттердин жетишкендиктери даңазаланып, маданий баалуулуктар эскерилген кеңири программа өткөрүлдү. Факультетте уюштурулган мазмундуу иш-чара катышуучуларга унутулгус көз ирмемдерди тартуулады.

Программа жүрөктөргө таасир берген Куран окулушу менен башталды. Руханий атмосферада өткөн ачылыштан кийин Теология факультетинин деканы профессор доктор Хүсейин Акйүз жана декандын орун басары доцент доктор Бакыт Мурзураимов сөз сүйлөштү. Сөздөрүндө студенттердин академиялык гана эмес, адеп-ахлактык өнүгүүсүнүн да мааниси баса белгиленип, факультеттин көз карашынын алкагында өткөрүлгөн мындай иш-чаралардын баалуулугу айтылды.

Ачылыш сөздөрүнөн кийин катышуучулар тарыхый саякатка күбө болушту. Советтик мезгилде Курандын абалы, ошол оор жылдары ишеним менен диний баалуулуктардын кандай чоң курмандыктар аркылуу сакталып келгенин баяндаган кыскача даректүү тасма көрсөтүлдү. Залда терең таасир калтырган тасма чоң кызыгуу менен көрүлдү.

Андан соң көптөн күткөн сыйлык тапшыруу аземине өтүлдү. Алгач коомго диний темаларды туура жана таасирдүү жеткирүү жөндөмүн өнүктүрүүгө багытталган хутба жазуу сынагында байгелүү орундарды алган таланттуу студенттерге сыйлыктар тапшырылды.

Хутба сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлагандан кийин, окуу жылы бою сабактагы жетишкендиктери менен гана эмес, үлгүлүү жүрүм-туруму, социалдык жоопкерчилиги жана факультет маданиятына кошкон салымы менен айырмаланган студенттер сахнага чакырылды. Аларга окутуучулары тарабынан “Жылдын студенти” сыйлыктары ыйгарылды.

Программада түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурасы да унутта калган жок. Орток маданиятты сактоо, жаш муундарга жеткирүү жана ынтымакты бекемдөө максатында уюштурулган Эл аралык түрк элдеринин салттуу оюндары программасына активдүү катышкан студенттерге ыраазычылык баракчалары тапшырылды. Факультетти бул түстүү иш-чарада ийгиликтүү көрсөткөн студенттер чоң кол чабууларга ээ болушту.

Бул маанилүү жана мазмундуу программанын жыйынтыгы өзүнө жараша руханий маанайда аяктады. Иш-чаранын акыркы бөлүгүндө катышуучулар чыдамсыздык менен күткөн Куранды көркөм окуу сынагынын жыйынтыктары жарыяланды. Тажвид эрежелерине жана макамына ылайык эң мыкты окуган студенттерге сыйлыктар тапшырылып, толкундануу туу чокусуна жетти.

Программа сыйлык жана ыраазычылык баракчаларын алган бардык студенттердин окутуучулар менен бирге түшкөн жалпы сүрөтү менен жыйынтыкталды.