2022-01-08

Эркин Трибунада жума маеги


07.01.2022 күнү Университетибиздин Биологиялык ар түрдүүлүк жана биотехнологияларды изилдөө жана колдонуу борборунун жетекчиси PhD. проф. Али Аслан маек куруп берди. Теология факультети жана Биологиялык ар түрдүүлүктү жана биотехнологияларды изилдөө жана колдонуу борбору менен биргеликте уюштурулган программада Аслан мырза, студенттерге экологиялык аң-сезим жана эңилчектер тууралуу абдан пайдалуу баяндама жасады. Табигый илимдерди окуу материализмди, дин илимдерин гана окуу фанатизмди алып келет, бирок экөөнү чогуу окуган адам Алланы табат деген ой менен илим менен дин чогуу окулуш керектигине токтолду. Аслан агай, эңилчектерди карапайым жандыктарга мисал кылып, андан соң эңилчектер эмне экенин, алардын колдонулуш аймактары, пайдасы жана зыяны, кыргыз нанынын жасалышын биологиялык кызыктуу окуялар менен, жөнөкөй тилде окуучуларыбызга көрсөткөн көрсөтмө материалдары менен айтып берди. Бул эңилчектер жана айлана-чөйрө жөнүндө маалымат берүү менен студенттерибиздин дүйнө таанымына салым кошту десек жаңылышпайбыз. Жаратылышты урматтоо жана табигый тең салмактуулукту бузбоо боюнча маанилүү жана туруктуу маалыматтарды берген Аслан мырза, илим менен диндин бир бирине тыгыз байланышта экенин баса белгилеп, бизди Аллахка жакындата турган, таң калууну жана кызыгууну ойгото турган маалыматтарды берди. Деканыбыз PhD. проф. Кемал Полаттын Аслан мырзага ыраазычылык баракчасын тапшыруусу менен аяктады.