2022-02-15

Теология факультетинен Аз. Осман Ислам Иниститутуна зыярат


Теология факультетинин жетекчилиги жана окутуучулары 12.02.2022-ж. Осман Ислам институтун зыярат кылышты. Факультеттин деканы PhD, проф. Кемал Полат, декандын орун басары Доцент. док. Бакыт Мурзараимов, Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы PhD, проф. Бекир татлы жана факультеттин окутуучулары Доцент. док. Мехмет Демиржи  жана Доцент. док. Наил Карагөз катышты. Зыяратчыларды жылуу тосуп алган Ислам институтунун директору Халил Дамла институт тууралуу бир катар маалымат берди.

Теология факультетинин деканы PhD, проф. Кемал Полат, КТМУнун теология факультетин кыскача тааныштырды. Университетибиздин жалпы түшүнүгүнүн алкагында факультет Кыргызстан менен Түркиянын достугуна, биримдигине жана ынтымагына маани берерин, жогорку диний билим берүү Кыргыз Республикасынын мамлекети тарабынан колдоого алынган ханафий  матуридий багытында уланып жатканын баса белгиледи. Теология факультетибизде студенттерибизге кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экенин ачыктаган Полат агай, коомчулукка диний билим берүү менен бирге дин менен маданияттын бирге окутулушу зарылдыгына да токтолду.

Институтта чогуу окулган бешим намазынан кийин мугалимдерибиз тарабынан Куран окулуп, теология факультетинин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан даярдалган бир нече кыргызча китептер институттун китепканасына белекке берилип, кызматташтык жана илимий иш-аракеттер мындан ары уланып тураарын айтып өттү. Теология факультетибиз жана Ислам институтубуз көбөйүп, жумурай журтка мындан ары көптөгөн кызматтарды аткара берүүсүнө тилектештиктер билдирилди.