2022-02-21

Эркин Трибуна жума маегинде Түрк искусствосунун өнүгүүсү жөнүндө кеп козголду


Факультетибизде экинчи семестрдин башталышы менен “Эркин Трибунада жума маеги” кайрадан башталды. Ангемелешүүнүн бул жумадагы коногу Т. М. Эржиес университети, Көркөм өнөр бөлүмүнүн окутуучусу Исмаил Аргуншах эле. 18.02.2022 күнү болгон маекте Аргуншах агай, Түрк искусствосунун өнүгүүсүн хронологиялык жана өзгөчөлүктөрүнө жараша жыйынтыктап, маанилүү маалыматтарды берди. Көргөзмө материалдар менен колдоого алынган презентацияны окуучуларыбыз кызыгуу менен угушту.

Исмаил Аргуншах агай, кыскача төмөнкү маалыматтар менен бөлүштү: Түрк искусствосу түрк маданиятынын маанилүү бөлүгү жана көптөгөн искусство стилдерин камтыйт. Түрк искусствосунун кээ бирлери Исламга чейинки мезгилде өнүксө, кээ бирлери исламдан кийин маанилүү өнүгүүнү көрсөткөн. Негизги тиричилик булагы мал чарбасы болгон түрктөр жашаган аймактардын өтө ысыгынан, суунун жана чөптүн жетишсиздигинен жайкысын бийик бөксө тоолорго чыгып, кышында түздүктөргө түшүшкөн. Алар көбүнчө бийик тоолуу жерде боз үй деп аталган чатырларда жашашкан. Талаа маданиятынын таасири астында чатырларда жашоону артык көргөн түрктөр храм жана сарай архитектурасын өнүктүргөн эмес. Талаа искусствосунун таасири менен чатыр искусствосу бир топ өнүккөн.

Аргуншах да Кургандардан алынган маалыматтарга ылайык скиф, хунн, көктүрк искусствосунун доорлоруна таандык жасалгалар, кездеме кесимдери, ат жабдыктары, идиштер, күзгүлөр, канжарлар, бычактар, жебелер, жаалар ж.б. пазирик килемин визуалдык көрүнүштөрү менен колдонуу буюмдарын сүрөттөп, кеңири карап чыкты. Ал Уйгур мамлекетинин түзүлүшү менен шаарларды калыптандырууда, архитектурада, миниатюрада, скульптурада жана живописте олуттуу өнүгүүлөр болгонун баса белгиледи. Исламдан кийинки мезгилде Караханлы, Газнели, Улуу Селчук, Анадолу Селчук жана Осмон империяларынын өзгөчө архитектуралык түзүлүштөрүн карап, визуалдык көрүнүштөрү менен искусствону түшүнүүгө басым жасады. Түрк мамлекеттеринин ортосундагы көркөм карым-катнаштар, жаныбарлар стили, план жана куполдун өнүгүшү боюнча баа берүү жана салыштырууларды жасады. Программа мугалимдердин жана студенттердин суроолоруна жооп берүү менен аяктады.