2022-03-03

КТМУнун студенттик жатаканасында студенттер менен маектешүү


Факультетибиздин профессордук-окутуучулар курамы тарабынан жүргүзүлүп жаткан "КТМУнун студенттик жатаканадагы баарлашуусу" сериясы уланууда. 01.02. 2022 шейшемби күнү кечки  коногу катары биздин факультеттин окутуучусу Доц. док.  Юсуф Гөкалп  агай «Ислам дининин илим, искусство жана философиянын өнүгүшүнө кошкон салымы» деген темада баяндама жасады.

     Ар кайсы факультеттерден келген студенттер кызыгуу угушту. Ошондой элк факультетибиздин  деканы PhD проф. Док.  Кемал Полат агай да угарман катары катышты.  программада Юсуф Гөкалп агай Ислам ой жүгүртүүсүн калыптандырган негизги динамикага жана Исламдын акылга, илимге жана адамдарга берген баалуулугуна токтолду. Илим, искусство жана философия тармагындагы илимпоздордун изилдөөлөрү, эмгектери жана мисалдары берилген сөздө түрк-ислам маданияты менен цивилизациясынын мааниси баса белгиленип, Орто Азияда өсүп чыккан ислам аалымдарынын кошкон салымы баса белгиленди. Түрк дүйнөсүнүн Исламдык ой жүгүртүүсүнө токтолду. Программа студенттердин суроолоруна жооп берүү менен аяктады.