2022-03-03

Аялдар үчүн Мираж кечеси программасы


Биздин теология факультети жана Түркия Бишкек Дин кызматтары кеңешчилиги  менен биргеликте аялдар үчүн Мираж Кечеси программасы уюштурулду. Программа 2022-жылдын 27-февралында Факультетибиз Сатук Бугра Хан мечитинде  өткөрүлдү. Теология факультетинин докторанты Дилноза Рахматиллаева алып баруучу болуп, программанын башталышында  Куран окулду.  Студенттер тарабынан гимн окулуп, ар түрдүү динии маанидеги ырлар окулду. Дин кызматкери Айше Йүксек Мираж түнү тууралуу сөз сүйлөсө, Куран курсунун окутуучусу Халиме Татлы  адам укугу тууралуу маалымат берди. Теология факультетинин окутуучусу. Миргүл Бекмурзаева  визуалдык презентация жасап, катышуучуларды диний мазмундагы ой жүгүртүүгө чакырды. Теология факультети кенже илимий кызматкери Жазгүл Жолалиева котормочу катары программага салым кошту. Программа жакшы дуба тилектер менен аяктады.