2022-03-06

Түркия Бишкек Дин кызматтары кеңешчиси Мурсел Өзтүрк КТМУ Теология факультетинде «Эркин Трибунада жума маеги» программасынын коногу болду.


Теология факультетибиз уюштурган "Эркин трибунада жума маеги" программасынын бул жумадагы коногу Бишкек Дин кызматтарынын кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк агай  болду. Түркияда жана чет өлкөлөрдө көп жылдар бою Дин Башкармалыгында түрдүү кызматтарды аркалаганын белгилеген Мүрсел Өзтүрк коомчулукка кызмат кылуу учурундагы тажрыйбасын Теология факультетинин студенттери менен бөлүштү.

       Программанын жүрүшүндө  студенттердин ар кандай суроолоруна жооп берди. Өзтүрк программанын аягында ыраазычылыктарын билдирди. Теология факультетинин деканы PhD проф.  док. Кемал  Полат агай,  Бишкек Дин кызматтарынын кеңешчиси Мүрсел Өзтүрк агайга ыраазычылык баракчасын тапшырды.