2022-03-09

КТМУнун студенттик жатаканасында студенттер менен маектешүү: PhD проф. док. Бекир Татлы


08.03.2022. шейшемби күнү “КТМУнун студенттик жатаканасында студенттер менен маектешүү  кезеги бул ирет Кыргызстан-Түркия “Манас” университети Теология факультетинин окутуучусу  PhD проф.  Док. Бекир Татлы  агай болду. «Адам катары Мухаммед пайгамбар» деген темада баяндама жасады.

Университетибиздин көптөгөн факультеттеринин студенттеринин чыдамсыздык менен күтүп жүргөн маектешүүнүн башталышында   Татлы маегин студент кыздардын Эл аралык Аялдар күнүн куттуктоо сөзүн айтуу менен баштады. Азирети Мухаммед (с.а.в.)туулган кездеги 6-кылымда жана ал жашаган Араб географиясында өкүм сүргөн диний ишенимдерге кыскача токтолгон Татлы, пайгамбар катары да, адам катары да адамзатка үлгү болгон Пайгамбарыбыз жөнүндө өтө жакшы сөз сүйлөп жатты. Татлы агай, Азирети Мухаммедди (с.а.в.) жакындан тааныгысы келгендер абдан бактылуу экенин, анткени анын өмүрү жана таалимдери тууралуу китептерде өтө кеңири маалыматка ээ болуу мүмкүнчүлүгүбүз бар экенин баса белгиледи. Азирети. Мухаммеддин (с.а.в.) төрөлүшү, балалыгы жана жаш кезинен мисалдарды келтирген Татлы студенттердин суроолоруна жооп бергенден кийин КТМУнун теология факультети ар дайым студенттерибиз менен бирге экенин эске салды. Татлы Теология факультетинин дин жана секталар тарыхы, Ислам илимдери сыяктуу бардык тармактарда ар дайым компетенттүү профессорлору менен аларга кызмат кылганын, бул жерде диний темаларда кездешкен көйгөйлөргө чечүүчү жол издөөнүн маанилүү экенин айтты. Бул тармакта тажрыйбасы жок адамдар же топтор диний маселелер боюнча түшүндүрмөлөрдү жүргүзүсүүсү туура эмес экенин баса белгилеп,- сөзүн аяктады.