2022-03-16

КТМУ ТЕОЛОГИЯ ФАКУЛЬТЕТИНИН ЭКИНЧИ АКАДЕМИЯЛЫК СЕМИНАРЫ БОЛДУ


Биринчисин КТМУ Теология факультети тарабынан 01.03.2022-жылы PhD проф.  Кемал Полат агайдын сунуму менен башталган «Теология факультетинин академиялык семинар программасынын» экинчиси 07.03.2022 күнү өткөрүлдү. Доц. док. Юсуф Гөкалптын «Ислам ишениминдеги мазхабтар саясий жана социологиялык аспектилери» аттуу семинарында саясий-теологиялык мазхаптардын тарых бою коомдук жашоодогу орду талкууланды. Мазхабдарды бир гана акыйда айырмалоосунун натыйжасында баалоо жетишсиз экенин белгилеген Гөкалп, саясий, социалдык, маданий жана экономикалык баа берүү аркылуу мазхаптардын коомдук жашоодогу ордун түшүнүүнүн пайдалуу болорун баса белгиледи. Аспиранттардын жана окутуучулардын катышуусунда өткөн семинар суроо-жооп менен жыйынтыкталды.