2022-03-16

«Эркин Трибунада жума маеги» программасынын коногу Өзүбүздү таанып билүү (Доц.док. Эркан Эфилти)


КТМУнун адабият факультетинин окутуучусу Доц.док. Эркан Эфилти «Өзүбүздү таанып билүү» темасында баяндама жасаган Эфилти адамдын дүйнөдөгү бар болуу максатын көп жагынан аныктоого боло турганына көңүлдөрдү бурду, бирок адамдын дүйнөдөгү жашоосунун акыркы натыйжаларына көз чаптырганыбызда, дүйнөдөгү инсандардын эң негизги максаттары – бакытка жетүү. Инсандын бактылуу болушунун эң маанилүү этаптарынын бири өзүн таанып-билүү экенин, бул үчүн адам өзүнүн төмөнкү төрт жагынан кабардар болушу керектигин айтты. Ал бул төрт аспект адамдардын сезимдери, ойлору, баалуулуктары жана жүрүм-туруму экенин, ал эми инсандардын бул аспектилерден кабардар болушу алардын өздөрүн таанып-билүүсүн билдирерин баса белгиледи.

Бул бойунча Эфилти инсандардын ички дүйнөсүнө болгон саякатында төмөнкү он суроого жооп табууну максат кылышы керектигине көңүлдөрдү бурду: 1- Акыркы жылдарда сизди эмне капалантты? 2- Энергияңызды кайдан аласыз? 3- Жашооңуздагы 3 адам менен мамилеңиз кандай? 4-Эгер сиз уктап жатканда бир нерсе өзгөрсө, эртең менен ойгонгондо эмнени байкайт элеңиз? 5-Сиз сүйгөн адамдарыңызды өзгөртүүгө аракет кыласызбы? 6- Башкаларга жасаган мамилеңиз менен өзүнө жасаган мамилеңиздин ортосунда айырма барбы? 7- Сага пайдасы тийбесе да таштай албаган нерселер барбы? 8- Убактыңды көбүнчө эмнеге жумшайсың? 9- Өзүңүзгө ишенесизби? 10- Өзүн-өзү аныктоочу үч нерсе деген эмне? Эфилти эгер инсандар бул суроолорго жооп бере алса, өздөрүн таанып-билүү үчүн маанилүү кадам ташташкан болоорун белгиледи. Sunumunun ardından Doç. Dr. Erkan EFİLTİ öğrencilerden gelen sorulara cevaplar verdi. Programın sonunda İlahiyat Fakültesi Dekanı Prof. Dr. Kemal POLAT, değerli sunumlarından dolayı kendisine teşekkür belgesi takdim etti.

Маектин аягында Доц.док. Эфилти студенттерден келген суроолорго жооп берүүгө жетишти.  Маектешүүнун аягында Теология факультетинин деканы PhD проф.  Кемал Полат чакырыгыбызга жооп берип, кызыктуу маек  куруп бергендиги үчүн Доц.док. Эфилти агайга ыраазычылык громматасын тапшырды.