2022-03-16

“КТМУнун студенттик жатаканасында студенттер менен маектешүү Доц. док. Наил Карагөз


15.03.2022. КТМУнун Студенттер жатаканасында студенттер менен маектешүүгө Доц. док. Наил Карагөз агай конокто болду. «Ислам түшүнүгүндө Аллахка ишенүү» аттуу баяндама жасаган Карагөз алгач Ислам булактарынын негизинде чыгарылган пикирлердин Ислам менен айырмасына токтолду. Биринчинин ээси Аллах, экинчисинин адам баласы тарабынан өндүрүлөөрүн баса белгилеп, адам жасаган эч бир ой диндин ордун баса албайт деди. Карагөз тарых бою адамдарда Кудайга ишенүү бар болуп келгенин жана бул түшүнүк Кудайлык жана адамдык ресурстарга толгондугун эске салды. Карагөз Аллахтын бизге өзү тандаган түшүнүктөрү менен өзүн тааныштырганын айтып, аалымдарыбыз муну Аллахтын сыпаттары деген ат менен жеткиргенин айтты. Маектешүүнүн аягында Карагөз студенттердин ар түрдүү темадагы суроолоруна жооп берди. Чоң кызыгуу менен байкалган баарлашуу жакшы каалоо-тилектер менен аяктады.