2022-04-20

Рамазанда концеттик иш чара


Факультетибиздин кышкы бакчасында 2022-жылдын Рамазан айына карата студенттерибизге жана элибизге руханий сезим тартуулоо максатында «Диний ырлар,   жана күүлөрдүн коштоосунда Рамазан концерти» аттуу программа өткөрүлдү. Концертке солист катары мугалим Шафак Баш, университетибизде Орхун алмашуу программасы менен билим алган студентибиз Нигде Өмер Халис Демир университетинин Көркөм өнөр факультетинен Зулейха Зулал Ток жана Ахмет Байрам, ошондой эле кызыбыз Мунира Асан кызы катышышты. Студенттерибизден жана сырттан келген коноктор катышкан концерттик программада кээ бир мугалимдерибиз жана кызматкерлерибиз бизди коштоп, ар түрдүү диний ырларды ырдашып, чоң кызыгуу көрсөтүп, кубаныч менен ээрчип жатышты. Ошентип биздин факультетте абдан жакшы маданий-көркөм иш-чара өттү.