2022-06-17

КТМУНУН ЖАТАКАНАСЫНДА (СТУДЕНТТЕР ҮЙҮ) МАЕК: ФАРХАТ ЮСУПОВ


07.06.2022 шейшемби күнү кечинде КТМУнун Студенттер үйүндөгү баарлашуу маегинин коногу Теология факультетинен окутуучусу Фархат Юсупов болду. «Сүйүү менен  ыйманды жашоо» аттуу баяндама жасаган Юсупов алгач ыйман жана сүйүү түшүнүктөрүнүн түшүндүрүлүшүнө, өзгөчө Матуридий мазхабындагы бааларга токтолду. Ыйман Алла Тааланын адамдарга берген эң чоң жакшылыгы болгондуктан, башка ибадаттар сыяктуу убакыт менен чектелбестен, суткада жыйырма төрт саат кылынышы керек болгон бир ибадат экени жана сөз болгон ыйман сүйүү жана энтузиазм менен жашаш керек. Бул көз карашты бекемдөө үчүн сахабалардан көптөгөн мисалдар коюлган. Юсупов ацгемелешуу учурунда угуучулардын оюнда пайда болгон суроолорго, ошондой эле темадан тышкары болгон ар кандай суроолорго жооп берди. Чоң кызыгуу менен байкалган баарлашуу жакшы каалоо-тилектер менен аяктады.