2022-07-21

Теология Факультетинин студенттери Түркияда


Кыргызстан-Түрк “Манас” университетинин теология факультети быйыл 57 студентти Түркиянын жайкы мектебине жөнөттү.

Студенттер Улуттук билим берүү министрлиги, Диний билим берүү башкы башкармалыгы жана Жибек жолу фонду менен биргеликте даярдалган Түркиядан дүйнөгө жайкы билим берүү иш-чараларынын алкагында «2022 Түркия жайкы мектеп программасына» катышууда.

2022-жылдын 18-июлунан 9-сентябрына чейин Стамбулда өткөрүлө турган программада студенттер арабча, куран, эбру, каллиграфия сыяктуу курстардан өтүшөт жана Чанаккале шейиттиги сыяктуу жерлерди зыярат кылышат.

Теология факультетинин деканыны проф. док Кемал Полаттын берген маалыматына караганда, программага катышкан 16 студент 2022-2023-окуу жылынын күз семестринде мурда кол коюлган протоколго ылайык Сүлейман Демирел университетинин теология факультетинде да билим алышат.