2022-10-25

Эркин трибунада жума маегинин алгачкысы болуп өттү


2022-2023-окуу жылынын  21.10.2022 жума күнү КТМУнун Ислам илимдери кафедрасынын башчысы проф. док. Бекир Татлынын семинары менен башталды. Бекир Татлы агай «Пайгамбар (сав) жана көп аял алуу маселеси» деген темада сөз кылып, сөзүндө тарых бою диндер жана коомдордогу көп аялдуулук темасын кеңири бөлүштү.

Бекир Татлы көп аял алуунун Исламдан мурда лидиялыктар, ирандыктар, гректер, египеттиктер, вавилондуктар, ассириялыктар, кытайлар, индиялыктар, славяндар, немецтер, түрктөр сыяктуу көптөгөн коомдордо, ошондой эле иудаизм, христиандык сыяктуу диндерде болгонуна басым жасады. Алардын 80 % да кездешкенин, бирок бул коомдордо көп аял алуу көп кездешкен эң кеңири таралган практика көп аялдуулук эмес, моногамия  болуп саналат. Жахилият коомунда чексиз колдонулган көп аял алуунун Ислам дини келүүсү менен төртөө менен чектелгенин  жана зарыл учурда жасала турганына токтолду. Куранда да моногамияны сунуш кылганын, моногамия сахабалар арасында 80% нын бир аял алуу менен чектелгенине токтолду. Азирети Пайгамбарыбыздын 50 жашка чейин Азирети Хатиже эне менен үйлөнгөнүн, мүмкүнчүлүгү бар болсо да башка үйлөнбөгөнүн эске салып,  50 жаштан кийин саясий же коомдук максатта же уруулар арасындагы карым-катнаштарды жакшыртуу максатында үйлөнгөнүн жана ушундайча никеге тургузулганын айтты. 

Сөзүнүн аягында Татлы көп аял алуу маселеси диний маселе болуу менен чектелбестен, аны ишке ашыруунун шарттары коомдон коомго айырмаланарын айтып, сөзүн жыйынтыктады. Факультеттин ичинен жана сыртынан келген профессордук-окутуучулук курамдын, көптөгөн бакалавриат жана аспиранттардын жана коомчулуктун кызуу катышуусу менен өткөрүлгөн конференция суроо-жооп жана сертификат берүү менен аяктады.