2022-11-03

«Эркин Трибунада жума маеги» (Проф. док. Мехмет Таккач)


2022-жылдын 28-октябрында проф. док. Мехмет Таккач тарабынан берилген «Чет тилин үйрөнүүдөгү негизги маселелер» аттуу семинарда биринчи кезекте чет тилин үйрөнүү кыйын процесс деген түшүнүктү жок кылуу керектиги баса белгиленип, окуу процесси чоң чечкиндүүлүктү талап кылаары айтылды. Бул чечкиндүүлүк чет тилин үйрөнүүгө да тиешелүү экенин баса белгиледи.Окуучу үчүн мотивациянын маанилүүлүгү айтылып, эгер окуучу мотивациясын жоготпосо, ал сөзсүз түрдө ийгиликке жетет деп айтылды.