2022-11-28

Сюрприз майрамы (24-ноябрь Мугалимдер күнү)


2022-жылдын 24-ноябрында факультетке келген академиялык жана административдик кызматкерлерибизге бир аз сюрприз болду. Анткени студенттерибиз 24-ноябрь Мугалимдер күнүн дубал гезитин чыгарып майрамдап жатканына күбө болушту. Өзүнүн өзгөчөлүгүн чагылдырган билдирүүлөрдү жолуктуруп окуп чыккан академиялык жана административдик кызматкерлерибиздин ар бири жылмаюу менен бирге эмоциялуу учурларды да баштан өткөрүштү.

Факультетибиздин деканы Проф. Док. Кемал Полат күтүлбөгөн майрамды даярдаган топту чакырып, куттуктап, ыраазычылык билдирди. «Сиздердей студенттерибиз бар экенине сыймыктанабыз», - деди ал. Ал мындай жакшы ишараттар факультетибиздеги позитивдүү мугалим-студенттик мамилени дагы да бекемдеп, үй-бүлө духун сактап, окуудагы ийгиликтерди арттырарын баса белгиледи. Биздин бардык академиялык жана административдик кызматкерлер бул күтүлбөгөн майрам үчүн кубанганын билдиришип, студенттерге ыраазычылык билдиришти.