Абдулкерим Сатук Буурахан мечити

2011-жылдын Аяк оона айында ачылган Кыргыз-Түрк “Манас” универсетинин Теология факультети студенттерине кеситик билим берүүдөгү муктаждыктарды жоюу максатында пландалаган “Манас” университетинин ректораты менен Теология факультетинин деканаты менен биргеликте курулган фонд аркылуу ишке ашырылган. Бул максатта 2012-жылдын башында курулган Евразия Билим жана Маданият фонду Теология факультетин да, практикалык мечиттин дубалын тургузуу милдетин алган. Чыгымы аябай көп жана түйшүктүү болгон мындай мечиттин “Манас” университети баш болуп Түркиядагы кээ бир уюмдар менен колу узун кайрымдуу адамдардын ири суммадагы салымдары менен бүткөрүлдү. Мындай ири өлчөмдөгү каражатты жабуу жана бүткөрүү Түркиянын палаталар жана биржалар биримдиги (TOBB), Түркия Диянет фонду (TDV), Түркия Республикасынын Башбакандык таанытуу башкармалыгы (T.C.BTFB), Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) жана Стамбулдагы бир нече кайрымдуу кол ачык кишилердин салымдары менен ишке ашты. Бул долбоорлду аяктоосу үчүн 100 миң доллардан көп салым кошкон уюм жана атуулдардын салым ирети боюнча мечиттин кире беришиндеги ардак тактага жазылды. Ал учурда кызматтагы ректор проф. докт. Себахаттин Балжы, проректор проф. докт. Асылбек Кулмырзаев жана Теология факультетинин деканы проф. докт. Суат Жебежилердин камкордуу жана колдоолоору менен буткөрүлгөн бул үлкөн эстелик Түркиянын боордош кыргыз элине кылган чоң тартуусу болуп саналат.

Мечиттин курулуш материалдары

Мечиттин эң маанилүү мрамор бөлүмү болгон минбар, михраб жана күрсүсү Түркияда жасалды. Килемдер Түркияда өрүлдү, асма чырактар (люстра) жана плиткалар да Түркиядан алып келинди. Сырткы каптоодо колдонулган алюминий Казакстандан келди. Мечиттин ичиндеги жана сыртындагы арапча жазуулар түркиялык чебер каллиграфтарга жаздырлды. Ички жасалгаларды Түркиядан келген усталар менен Түркияда тарбияланган кыргыз усталар тарабынан жасалды.

Мечиттин архитектуралык өлчөмдөрү жана сыйымдуулугу

Мечиттин аянты 2000 м², жалпы намаз окуй турган талаасы болсо 2500 м². Жабык аянтында болжолдуу 4000 адамга чейин беймарал намаз окуса болот. Муктадык болгон учурларда 5000 кишиге чейин сыйдырса болот. Айрыкча мечиттин айланасында 5000 м² аянттагы асфальтталган жерге мезгил жана климатк карап 7-8 миң киши намаз окуса болот. 8 устунга тирелген куббанын бийиктиги 34 метр, куббанын көлөмү 26 метр бул өзгөчөлүктүн натыйжасынада мечиттин ичи кең көрүнөт. Мечитттг 3 балкондуу 2 мунарасы бар. Мунаралардын бийиктиги жерден 58 метр болуп, укмуштуудай мунарлар мечиттин ыраактан айбаттуу көрүнүүсүн шарттайт. Османлы мунарасына ылайык салынган мечитте кооздоодо кыргыз оймо-чиймелери да колдонулган. Курулушу 2012-жылдын Чын куран айында башталган Абдулкерим Сатук Буурахан мечити 3 жыл аралаыгында бүткөрүлдү. 

Мечиттин башка пайдалануу чөйрөлөрү

Мечиттин астыңкы кабатында өзүнчө эркектер жана аялдар үчүн атайын дааратканалар бар. Керек болгон учурда ар бир дааратканда душ алуучу бөлмөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн да атайын дааратканалар бар. Жаназаны жууш үчүн да атайын бөлмө менен бирге керек болгон учурда жасаттын бузулбай сакталуусу үчүн бир муздак бөлмө бар. Буларга кошулуп мечиттин астында 100 м² болгон үч бөлмөлүү кызматкер үйү менен бирге ичинде даараткансы, душканасы жана ашканасы менен кызматчынын бөлмөсү дага бар.  Мечит жалпысынан бир гана ибадаткана эмес, 500 м² аянттагы чоң зал, окуу жана семинар бөлмөлөрү менен маданий борбору менен комплекс формасындагы долбоорлонгон.

Мечитке Абдулкерим Сатук Буурахан ысымын ыйгаруунун себеби

Кудай жолунда кылымдар бою жашап жана узун мөөнөттө кыргыз элине кызмат кылуу ниети менен курулган бул көркөм мечит боордог түрк элинин кыргыз калкына тартуусу жана унутулгус эстелиги болуп эсептелет. Түркстан аймагында сейрек көркөм эмгек болуп курулган бул мечит тарыхта бул чөлкөмдө даңкы далайга жеткен атактуу кишинин ысмы менен аталуусу өтө орундуу болгон. Мындан улам Орто Азия чөлкөмүндө Ислам диниинин таралулусун камсыздаган туңгуч түрк тектүү мусулман өкүмдар Абдулкерим Сатук Буурахандын бул мечитке атын ыйгаруу аябай орундуу чечим болгон. Бул ат Теология факультети тарабынан ректоратка сунушталып университеттин сенатында каралып жактырылды. Айрыкча Кыргызстандын ажо башкармалыгы да бул сунушту жактырып, ырастады.

Абдулкерим Сатук Буурахан мечити 2015-жылы Бирдин айында кыргыз элинин кызматына берилди. Мечиттеги бардык иштер доц. докт. Бакыт Мурзараимов башчылыгында ачылган “Илим жана жаштар” фондунун колдоосу менен жүргүзүлүп жатат. Теология факультетинин Ислам таануу бөлүмүнүнүн окутуучуларына деканаттын сунушу менен ректораттан озуйпа жүктөлүп мечит кызматкерлери мечиттеги ибадат жана диний иш чаралар боюнча жумуштарды аткарууда. Азыр да окутуучалар Фархат Юсупова, Сабыр Мураталиве жана кенже илмий кызматкер Шохимардан Орунбеков ал жерде жоопкер катары кызмат өтөөдө. Абдулкерим Сатук Буурахан мечити беш убак намаздардан сырткары жума жана айт намаздарында миңдеген мусулман атуулдарга кызмат көрсөтүп келет.