2026-03-13
Кыргызстандагы кароосуз жаныбарлар маселесинин системалык аспектилери талкууланган «Кыргызстандагы кароосуз жаныбарлар маселесинин системалык аспектилери: мамлекеттик органдардын жана коомчулуктун жоопкерчилиги» аттуу жыйын 2026-жылдын 3-мартында өткөрүлдү.
Impact Distribution Lab (Alternativa) тарабынан ишке ашырылып жаткан “Psy (Иттер)” даректүү тасма долбоорунун алкагында уюштурулган жыйынга мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультети, жарандык коом уюмдары, адистер, Жогорку Кеңештин депутаттары жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында КТМУнун Ветеринардык факультетинин кароосуз жаныбарларды коргоо, дарылоо жана жаныбарлардын саламаттыгы жаатындагы иштери жана салымы өзгөчө белгиленди. Ошондой эле кароосуз жаныбарлар маселесинин укуктук жана институционалдык аспектилери талкууланып, туруктуу жана ишке ашырууга мүмкүн болгон чечимдер боюнча пикир алмашуу жүргүзүлдү.
Жыйынга Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринардык факультетинин атынан факультеттин деканы проф. д-р Исмаил Шен, декандын орун басары проф. д-р Хасан Хүсейин Ары жана доктор, изилдөөчү Аидай Жунушова катышты.
