2026-03-17
Улуттук Гимндин кабыл алынышы жана Мехмет Акиф Эрсойду эскерүү күнүнүн урматында Кыргыз-Түрк «Манас» Университетинин Ветеринардык факультетинде маанилүү иш-чара болуп өттү.
Эскерүү программасы 2026-жылдын 14-мартында Ветеринардык факультеттин имаратындагы Мехмет Акиф Эрсой Фотосүрөт Галереясында уюштурулду.
Иш-чарaда Ветеринардык факультеттин декан орун басары, Профессор Доктор Хасан Хүсейин Ары студенттерге Мехмет Акиф Эрсойдун өмүрү, ой дүйнөсү, адабий инсандыгы жана мүнөзү, ошондой эле улуттук гимндин жазылыш тарыхы тууралуу кеңири маалымат берди. Профессор Хасан Хусейин Арынын айтымында Мехмет Акиф Эрсойдун чоң акын гана эмес, ошондой эле күчтүү ойчул жана улуттук күрөш рухунун эң маанилүү өкүлдөрүнүн бири болгонун баса белгиледи.
Программанын алкагында студенттер галереядагы эмгектерди көрүп, Мехмет Акиф Эрсойдун өмүрү жана улуттук гимндин жаралышы тууралуу жөнүндө маанилүү маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк алышты.


