2026-06-29


КТМУнун Ветеринардык факультети көчө жаныбарларына жардам көрсөттү «Мышыктарды жана иттерди стерилизациялоо жана реабилитациялоо»


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Ветеринария факультети Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын колдоосу менен 2026-жылдын 20-январынан 2026-жылдын 30-июнуна чейин 160 жолбун мышык жана 15 баш итке стерилизация, дарылоо жана реабилитациялык процедуралар жүргүзүлдү. Долбоордун негизги максаты көчө жаныбарларынын ден соолугун жана жашоо шарттарын жакшыртуу, ошондой эле көзөмөлсүз көбөйүүнүн алдын алуу болду.

Долбоордун алкагында жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында көптөгөн көчө жаныбарларынын ден соолугу жакшыртылып, стерилизациялоо аркылуу популяцияны көзөмөлдөөгө салым кошулду. Ошондой эле жаныбарлардын жыргалчылыгы жана жоопкерчиликтүү мамиле тууралуу коомдук аң-сезимди жогорулатууга көмөк көрсөтүлдү.