2026-10-16
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) Ветеринария факультетинин окутуучулары чарбадагы жаныбарлардын ден соолугун жана мал чарбачылыгындагы иштерди жеринен баалоо максатында 2026-жылдын 14-октябрында Чабрец чарбасына барышты.
Иш-чарага КТМУнун Ветеринария факультетинин деканы, профессор, доктор Исмаил Шен, доцент, доктор Тунахaн Санжак жана ветеринардык дарыгер Нур Абдыманап уулу катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө жаныбарлардын ден соолугунун абалы, чарбаны башкаруу, биокоопсуздук чаралары жана өндүрүмдүүлүккө байланыштуу көйгөйлөр талкууланды. Чарбанын жетекчилери жана анда иштеген ветеринардык дарыгерлер менен болгон жолугушууларда учурдагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий жана кесиптик сунуштар айтылды.
Бул сапар КТМУнун Ветеринария факультети менен мал чарба ишканаларынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө, академиялык билим менен практикалык тажрыйба алмашууга жана чарбадагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган натыйжалуу ыкмаларды иштеп чыгууга өбөлгө түзөт деп күтүлүүдө.

