2023-05-22

Бүткүл дүйнөлүк ветеринарлардын күнү белгиленди


29-апрель Бүткүл дүйнөлүк ветеринария күнүнө карата Кыргызстандын ветеринардык кызматынын президиуму жана Кыргызстандын айыл чарба министрлигинин өкүлү, ветеринардык башкармалыктардын жетекчилери, ветеринардык палаталардын өкүлдөрү, ветеринардык союздардын өкүлдөрү жана ветеринария факультетинин декандары чогулушту. «Жаннат» мейманканасында Кыргызстандагы мал чарбачылыгынын абалы жана өнүгүшүнө баа берүү үчүн жыйын өттү. Ветеринария факультетинин деканынын орун басары проф. Dr. Исмаил ШЕН да чакырылып, «Түркиядагы ветеринардык кызматтар» темасында сөз сүйлөдү. Абдан жемиштүү өткөн жолугушууда КТМУнун ветеринария факультети жана Кыргызстандагы мал чарба тармагында иштеген жетекчилер менен келечектеги пландар талкууланып, эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча принципиалдуу чечимдер кабыл алынды. КТМУнун Ветеринария факультети Кыргызстандын мамлекеттик мекемелери менен жогорку окуу жайдан сырткары деген принцип менен байланышты өнүктүрүүнү улантууда.