2024-06-05

“Мал чарбасын жана тоют өндүрүүнү туруктуу өнүктүрүүнүн илимий негиздери” деген конференцияга катыштык.


Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Кыргыз мал чарба жана жайыт илимий-изилдөө институту тарабынан 2024-жылдын 17-майында Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Өмүркул Дүйшекеевтин 90 жылдыгына арналган «Мал чарбасын жана тоют өндүрүүнү туруктуу өнүктүрүүнүн илимий негиздери» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга факультетибиздин деканы, профессор Исмаил Шен катышты. Профессор Исмаил Шен катышуучуларга «Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети мамлекеттик жана жеке менчик уюмдар менен тыгыз мамиледе болуп, Кыргызстанда мал чарбасын өнүктүрүү жана өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ар дайым колдоо көрсөтүп келерин белгилеп кетти.

Факультет катары биз бир университеттен да артык болуу максатыбызга ылайык, биз Кыргызстандагы кесиптик тилектештикти жана коомго пайда алып келүүнү улантуудабыз.