2026-09-25

Вакцина изилдөөлөрүндө жаңы илимий кызматташтык


Илимий изилдөөлөрү үчүн быйыл Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан сыйлыкка татыктуу болгон доц. докт. Асел Сартбаева жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн улуттук эксперти доц. докт. Салтанат Молдосейитова 2026-жылдын 17-сентябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетине иш сапары менен келишти.

Жолугушуунун жүрүшүндө жаныбарларга колдонулуучу вакциналардын мааниси, коопсуздугу, натыйжалуулугу жана туруктуулугу боюнча пикир алмашуу болду. Айрыкча койлорду эмдөө боюнча биргелешкен илимий долбоор иштеп чыгуу жана кийинки этаптарда башка жаныбарлардын түрлөрү боюнча да ушундай изилдөөлөрдү жүргүзүү боюнча бир пикирге келишти.

Доц. докт. Асел Сартбаева жана доц. докт. Салтанат Молдосейитова Факультеттин клиникалык жана лабораториялык базасы жогорку деңгээлде экенин белгилеп, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кубанычта болушарын билдиришти.

Ветеринария факультетинин деканы проф. докт. Исмаил ШЕН Кыргызстандын жана дүйнөлүк мал чарбачылыгынын өнүгүшүнө салым кошо турган илимий долбоорлорго катышууга кызыкдар экендиктерин белгилеп, жаныбарлардын ден соолугу, вакцина изилдөөлөрү жана профилактикалык ветеринария тармактарында эл аралык кызматташтыкка өзгөчө маани берилерин баса белгиледи.

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети эл аралык илимий изилдөөлөргө жана кызматташтыкка артыкчылык берүүнү улантат.