Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети жаныбарлардын ден соолугун коргоого жана кароосуз жаныбарлардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган социалдык жоопкерчилик иштерин улантууда.
Ветеринария факультети төрт жылга жакын убакыттан бери ыктыярдуу жаныбарларды коргоо боюнча бирикмелер жана уюмдар менен кызматташып келет. Бул кызматташтыктын алкагында жылына орточо 600 мышык жана ит стерилизациядан өткөрүлүп, алардын ден соолугуна байланыштуу дарылоо иштери жүргүзүлөт. Дарылоосу аяктаган жаныбарларды багып алууга берүү иштерине да колдоо көрсөтүлөт.
Ушул багыттагы иштердин алкагында 2026-жылдын 23-сентябрында факультетте өткөрүлгөн жолугушууда Бишкек шаарында иш алып барган «Достук» коомдук социалдык жардам фонду менен жаңы кызматташууну баштоо боюнча чечим кабыл алынды. Кызматташтыктын алкагында кароосуз жаныбарларды стерилизациялоо, дарылоо жана багып алууга берүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлөт.
Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультети жаныбарлардын ден соолугуна жана бакубаттуулугуна салым кошуу максатында социалдык жоопкерчилик долбоорлорун мындан ары да улантат.