Ветеринария программасынын максаты

Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Ветеринария факультетинин билим берүү программасынын максаты – айбандардын ден соолугун жана бакубаттуулугун камсыздоо, ылаңдардын алдын алуу, аларды аныктоо жана дарылоо, мал чарба өндүрүшүн өнүктүрүү, коомдук саламаттыкты коргоо жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу багыттарында илим-билимге жана кесиптик көндүмдөргө ээ ветеринардык дарыгерлерди даярдоо.

Мындан тышкары, факультетибиз адистик билим берүү менен катар докторантура программалары аркылуу тереңдетилген илимий билимге ээ, өз алдынча илимий изилдөөлөрдү жүргүзө алган жана эл аралык илимий коомчулукка салым кошо алган квалификациялуу изилдөөчүлөрдү жана академиялык кадрларды даярдоону да максат кылат.

Жогорку окуу жайынан кийинки билим берүү ишмердүүлүгү аркылуу Кыргыз Республикасы жана Түркстандын ветеринария, айбандардын ден соолугу жана туруктуу мал чарба тармактарындагы артыкчылыктуу муктаждыктарына багытталган оригиналдуу жана инновациялык илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнү көздөйт. Ушул багытта факультетибиз аймактын илимий жана академиялык потенциалын чыңдоого, квалификациялуу кадрларды даярдоого жана эл аралык илимий кызматташтыкты өнүктүрүүнү максат кылат.

Программа айбандардын, кишилердин жана айлана-чөйрөнүн ден соолугунун ортосундагы өз ара тыгыз байланышты негиз кылган «Бирдиктүү ден соолук (One Health)» мамилесине ылайык, зооноздук ылаңдарга каршы күрөшүү, ветеринардык коомдук саламаттык, коопсуз азык-түлүк өндүрүү, айбандардын бакубаттуулугу жана туруктуу мал чарба тармактарында зарыл компетенцияларды калыптандырууну көздөйт.

Факультетибиздин артыкчылыктуу максаттарынын бири – Түркстан өлкөлөрүнүн мал чарбачылык потенциалын өнүктүрүүгө, аймакта айбандардын ден соолугуна байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүгө жана ветеринардык кызматтарынын сапатын жогорулатууга салым кошуу. Ушул максатта аймактын муктаждыктарын эске алган илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, квалификациялуу ветеринардык дарыгерлерди даярдоо, улуттук жана эл аралык мекемелер менен академиялык кызматташтыкты өнүктүрүү көздөлөт.

Программанын алкагында студенттердин илимий ой жүгүртүү, далилдерге негизделген чечим кабыл алуу, кесиптик этика, аналитикалык баалоо жана өмүр бою билим алуу көндүмдөрүнө ээ болушу, ошондой эле улуттук жана эл аралык деңгээлде иш алып барууга мүмкүндүк берген кесиптик компетенцияларга жетиши максат кылынат.

Ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү

Ветеринария программасынын бүтүрүүчүлөрү тиешелүү өлкөлөрдүн мыйзамдарына жана кесиптик ишмердүүлүк жүргүзүүгө коюлган талаптарга ылайык мамлекеттик жана жеке секторлордо кеңири ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.

Негизги иш багыттары төмөнкүлөр:

  • Ветеринардык кызматтар: жеке ветеринардык клиникалар, ветеринардык диагностика жана дарылоо борборлору.
  • Мамлекеттик мекемелер: айбандардын ден соолугу, айбандардын ылаңдарын көзөмөлдөө, ветеринардык коомдук саламаттык, азык-түлүк коопсуздугу жана мал чарбасы менен алектенген мамлекеттик мекемелер жана муниципалитеттер.
  • Мал чарба өндүрүшү жана асыл тукум иштери: бодо жана чарба мал ишканалары, куштарды өстүрүү чарбалары, асыл тукум мал чарбалары жана малды асылдандыруу уюмдары.
  • Азык-түлүк коопсуздугу жана сапатты көзөмөлдөө: эт, сүт жана айбандардан алынган башка азыктарды өндүрүү, кайра иштетүү, гигиена жана сапатты көзөмөлдөө тармактарында иштеген мекемелер.
  • Ветеринардык дары каражаттары, вакцина жана тоют тармагы: ветеринардык дары каражаттарын, вакциналарды, биологиялык каражаттарды жана мал тоюттарын өндүрүү, иштеп чыгуу жана таратуу менен алектенген ишканалар.
  • Лабораториялар жана илимий-изилдөө мекемелери: ветеринардык диагностикалык лабораториялар, илимий-изилдөө борборлору жана илимий мекемелер.
  • Академиялык жана эл аралык ишмердүүлүк: университеттер, илимий-изилдөө институттары, ошондой эле айбандардын ден соолугу, зооноздук ылаңдар, азык-түлүк коопсуздугу жана туруктуу мал чарба тармактарында иштеген улуттук жана эл аралык уюмдар.

Бүтүрүүчүлөрдүн компетенциялары

Ветеринария факультетинин бүтүрүүчүлөрү төмөндөгү билимдерге, көндүмдөргө жана компетенцияларга ээ болушу максат кылынат:

  1. Ветеринариянын фундаменталдык жана клиникалык илимдери, ошондой эле айбандарды багуу, тоюттандыруу, көбөйтүү жана алардын ылаңдары боюнча жетиштүү илим-билимге ээ болуу.
  2. Айбандардын ылаңдарын аныктоо, дарылоо, алдын алуу жана көзөмөлдөө процесстеринде кесиптик билимдерин жана көндүмдөрүн колдоно билүү.
  3. Айбандардын ден соолугу жана бакубаттуулугу, зооноздук ылаңдар, коомдук саламаттык жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарында жоопкерчиликти өзүнө ала билүү.
  4. Түркстандын мал чарбачылык түзүмүн жана аймактык муктаждыктарын эске алуу менен айбандардын ден соолугун жана мал чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө салым кошуу.
  5. Илимий маалыматтарды баалоо, аналитикалык жана сынчыл ой жүгүртүү, далилдерге негизделген чечимдерди иштеп чыгуу.
  6. Кесиптик этиканын принциптерин, айбандардын бакубаттуулугун, биологиялык коопсуздук эрежелерин жана коомдук жоопкерчилик принциптерин сактоо.
  7. Натыйжалуу баарлашуу, командада иштөө жана дисциплиналар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.
  8. Илимий изилдөө ыкмаларын жана тиешелүү санариптик технологияларды колдонуу, илимий-технологиялык өнүгүүлөргө көз салып туруу.
  9. Кесиптик өнүгүүнү үзгүлтүксүз улантууну жана өмүр бою билим алууну кармануу.
  10. Чет тилдерин билүү деңгээлин жогорулатуу аркылуу эл аралык академиялык кызматташтыкка жана кесиптик ишмердүүлүккө катыша алуу.