2022-11-16


Кыргызстандын мыкты студенти – 2022


2022-жылдын 9-ноябрында Жаштар жумалыгынын алкагында Бишкек шаарында “Кыргызстандын мыкты студенти – 2022” Республикалык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өткөрүлдү. Аталган сынакка Кыргызстандагы жогорку окуу жайларынын студенттери, анын катарында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттери да катышып, Математика бөлүмүнүн 2-курсунун студенти Сайкал Акбаралиева “Мыкты студент” деген наамга ээ болду.

Сыйлоо аземинде өлкөнүн бардык аймактарынан тандалып келген  студенттерге ар кандай даражадагы Ардак грамоталар жана төш белгилер тапшырылып, китептер белекке берилди.

Сыйлыкка коомдогу күжүрмөн иш-аракеттери жана окуудагы ийгиликтери менен таанылган мыкты студенттер татыктуу болушуту.

Бөлүмүбүздүн 2-курсунун студенти Акбаралиева Сайкалды сыйлыгы менен куттуктап, окууда жана коомдук иштерде дагы көп ийгиликтерге жетишине тилектешбиз!