2019-02-27


"Англис тилинин он күндүгү" - English Language Week


Кыргыз Республикасынын "Билим берүү" жɵнүндɵ Мыйзамына ылайык жана студенттердин англис тилине кызыгуусун жана билим сапатын жогорулатуу максатында 2019-жылдын 11-22 февралында Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин, синхрондук котормо бɵлүмүнүн, кыргызча-англисче программасы тарабынан "Англис тилинин он күндүгү" жумалыгы ɵткɵрүлдү. Программанын алкагында биринчи жума англис тилиндеги расалык дискриминация, инклюзивдик билим берүү, гендердик теңсиздик, ж.б. актуалдуу темаларга арналган фильмдерди кɵрүү жана талкуулоо болду. Экинчи жумасында студенттер тарабынан англис тилиндеги чыгармалардын негизинде театрлашкан оюндар, интеллектуалдык викториналар, ыр, бий менен коштолгон жогорку деңгээлдеги программалар тартууланды.