2023-12-13


Математика – мировой язык


2023-жылдын 8-декабрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Табигый илимдер факультетинин Математика бөлүмүнүн профессордук-окутуучулук курамы «Маариф» билим берүү комплексинде уюштурулган «Математика дүйнө тили» аттуу математика декадасына катышып келишти. «Маариф» билим берүү комплексинин жетекчилери жана бөлүмүбүздү бүтүрүп, математика мугалими болуп иштеп жаткан Мирзаолим ТУРАБАЕВ жана Гүласел СУЛТАНМАХМУТОВА конокторду жылуу тосуп алып, мектеп менен тааныштырышты. “Маариф” билим берүү комплекси менен университетибиздин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде, Математика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери өтүп жатышкан педагогикалык  практиканын алкагында, өздөрүнүн окуучулары менен биргеликте чакан иш-чара даярдашып, көрүүчүлөргө жакшы маанай тартуулашты.