Мүдүр

Доктор Серхат АТМАЖА

(Чет өлкөдөн чалуулар үчүн код: +996)

312 492763-65

Ички 762

Мүдүрдүн орун басары

Талант ТЕНТИМИШОВ

(Чет өлкөдөн чалуулар үчүн код: +996)

312 490045

Мүдүрдүн орун басары

Аймира МАМАСАЛИЕВА

(Чет өлкөдөн чалуулар үчүн код: +996)

312 492763-65

Ички 838

Дареги

Кыргызстан Бишкек, (Жал кичи району), Чынгыз Айтматов атындагы студенттик шаарча

Инд.  720038

Почта

ktmu.yurt@manas.edu.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кыргыз-Түрк Манас Университети тарабынан студенттер үчүн  Б Блок  (2000-жылдан бери),  Ж Блок (2008 ж. бери)  жана А Блок (2013 ж. бери) жатаканалары кызматка берилген. Бул жатаканаларда студенттерибиз тынчтык, коопсуздук жана ынгайлуу атмосферада жашашат. Бул себептен жатаканаларыбыз Кыргызстанда  үлгү катары кабыл алынып, эң мыкты жатаканалардын катарын толуктайт.

Жатаканаларыбыз жатакана кызматтарын көрсөтүүдөн тышкары, студенттерибизге социалдык, маданий жана спорттук жактан өздөрүн өнүктүрүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү көрсөтөт. Белгилүү күндөрдө түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп турат. Атап айтканда, поэзия  айтыштары, диспуттар, баарлашуу жана оюн-зоок программалары, театралдык оюндар, майрамдык салтанаттар, маалыматтык жолугушуулар, саякаттар жана спорттук мелдештер уюштурулуп турат. Ошентип, Түрк дүйнөсүнүн ар тарабынан келген студенттерибиз жатаканаларда бири-бири менен таанышып, Түрк дүйнөсүнүн тилин, маданиятын, ишенимин жана үрп-адатын жакындан таанып билүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Кыргызстанда үлгү катары көрсөтүлгөн студенттик жатаканаларыбыз бардыгы болуп, 3 блоктон турат. Ар бири 100 орундуу болгон 5 окуу залы, спорт жана театр иш-чараларына ылайыкталган залдары, китепкана, интернет-кафе, буфеттер жана ашкана  менен камсыздалган. А блок студенттик жатаканада 472 кыз жана 210 эркек студенттер; Б блок студенттик жатаканада 208 кыз жана 262 эркек студенттер; Ж блок студенттик жатаканасында 298 орун студенттерибизге берилет.

Студенттерибизди тейлөө тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматкерлер тарабынан ишке ашат. Жатаканаларда чет өлкөдөн даярдоо курсуна жаңы келген жана бардык майыптуулугу бар студенттерге университеттин чөйрөсүнө оңой адаптация болушу үчүн  жатаканага жайгашуусунда артыкчылык көрсөтүлөт. Жогорку  курстун студенттери жатакана укугуна ээ болушу үчүн  өткөн окуу жылындагы окуудагы жетишкендиктери жана  студенттик жатакананын эрежелерин бузуп бузбагандыгы, коомдук  иш-чараларга катышкандыгы ж.б.у.с. эске алынат.  Жогорудагы жагдайларды эске алуу менен  конкурс жүргүзүлөт жана эң жогорку упай  алган студенттен баштап рейтингдик ыкма колдонулат (бул тема боюнча кеңири маалымат алуу үчүн КТМУнун Студенттик жатаканалар боюнча нускамасын караңыз).

Студенттерибиздин экономикалык абалы эске алынып, бир айлык жатакана акысы Б жана Ж блогунда 1200 сом,  ал эми  А блоктогу студенттик жатаканада 1500 сом болуп белгиленген. Кошумча депозит  катары 2500 сом алынат. Төлөмдөр банк аркылуу жүргүзүлөт.

Жатаканабыздын ар бир бөлмөсүндө душ жана туалет бар. Студенттерибиз жатакана имаратында жайгашкан кир жуучу жайлардан бир килограмм кирди 25 сомдон, же жеке машинада жуулушун кааласа 125 сомдон жуудура алышат, үтүктөө кызматынан болсо - акысыз пайдалана алышат. Мындан тышкары, жатаканадан берилген шейшептер эки жума сайын бекер жуулуп турат. Ден соолук борбору, Студенттик өнүктүрүү жана кеңеш берүү борбору, КТМУнун борбордук китепканасы студенттерибизге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүп келишет. Спорт үчүн заманбап  волейбол жана баскетбол аянтчалары, футбол үчүн жасалма чөп  аянтчалары,  спорттук имараттар жана жабык спорт залы да бар.

Кыргыз-Түрк Манас университетинин ашканасы  жатаканада жашаган студенттерге  түшкү жана кечки тамактарды берүү менен бирге саат 08:00 ден  23:00 гө чейин буфеттер аркылуу кызмат көрсөтүшөт. Студенттерибиздин Түрк телеканалдарын, супер лига футбол беттештерин көрүүсүнө жана кампуста жайгашкан Сатук Бугра Хан мечитинде, же жатаканадагы намазканаларда намаз окуусуна ыңгайлуу мүмкүнчүлүктөр каралган.

Бөлмөлөрдү тазалоо студенттердин жоопкерчилигинде болот, ал эми коридорлорду жана айлана-чөйрөнү тазалоо иштерин келишимдик компаниянын кызматкерлери тарабынан аткарылат. Чынгыз Айтматов кампусунун ичиндеги бардык коопсуздук кызматтары университетибиздин коопсуздук кызматкерлери тарабынан камсыздалып турат.

 

ЖАТАКАНАГА КАТТАЛУУ ҮЧҮН КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР

 

1- Студенттик маалымкат;

Университетибизге жаңыдан кабыл алынган студенттер студенттик маалымкаттын ордуна электрондук даректерине (Мис: 1234.56789@manas.edu.kg) студенттик номери менен жөнөтүлгөн баракчасын жатакана мүдүрлүгүнө тапшырса болот. Аталган каттоо документи университетке алдын ала катталуу учурунда берилет. Ал эми жогорку курстун студенттери OBİS системасынан “маалымкат даярдоо” кнопкасы аркылуу распечатка кылып, алып келиши керек.

 

2- Ден соолук тууралуу маалымдама;

Жатаканага жайгаша турган студенттер рентген анализин сүрөттөлүшү менен кошо КТМУнун Ден соолук борборуна тапшыруусу керек. Университеттин дарыгерлеринин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин гана ден соолугу тууралуу маалымкат берилет. Чет өлкөдөн келген студенттерге рентген анализинен тышкары,  кан анализин (СПИД)ге  тапшырышат. Чет өлкөлүк студенттерге жогорудагы анализдерди Кыргызстанда тапшырууда кыйынчылыктар жаралбашы үчүн рентген жана кан анализин  өз өлкөсүнөн  тапшырып, жыйынтыгын ала келүүсү сунушталат.

Жашаган жеринен каттоодо тургандыгы тууралуу маалымкат (справка о прописке); (Кыргызстандын жараны болгон студенттеринен гана талап кылынат);

 

3- Паспорттун көчүрмөсү;

4- 2 сүрөт (3 х 4);

5- 2 ачык файл.

 

Жогорудагылардан тышкары, онлайн арызда көрсөтүлгөн маалыматтарынын тастыктоочу документтери бардык студенттерден талап кылынат:

Мисалы:

  • Ата-энесинин статусу жөнүндө документтер (энеси же атасы каза болгон учурда, алардын өлгөндүгү тууралуу  документ,  ал эми ажырашкан учурда, алардын үй-бүлөлүк абалы жөнүндө документ);
  • Жогорку окуу жайда (университетте) окуган бир тууганы бар болсо, анын студенттик маалымкаты;
  • Каттоодо майыптуулук бар деп  даражасы көрсөтүлгөн болсо, тиешелүү документдин (эгер студент өзү майып болсо, апасынын же атасынын), каттоодо көрсөтүлгөн майыптуулукту тастыктоочу күбөлүктүн көчүрмөсүн алып келүүсү зарыл.