2024-01-22

КТМУнун айыл чарба факультетинин жамааты Кыргыз Улуттук Агрардык Университеттин Айыл чарба факультетинде болушту


2024-жылдын 18-январында КТМУнун Айыл чарба факультетинин деканы Проф. докт. Ахмет АЙГҮН, факультеттин окутуучулары Проф. докт. Рефик ПОЛАТ, Проф. докт. Исмаил ЭРПЕР жана доценттин м.а. Таир ЭСЕНАЛИ УУЛУ, маалымат алмашуу жана кызматташуу максатынд Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин Айыл-чарба факультетинде болушту. Жолугушуу эки университеттин тең айыл чарба тармагындагы билимдерин жогорулатуу жана студенттер менен академиялык кызматкерлердин өз ара алакасын бекемдөө максатын көздөдү.

Жолугушуунун алкагында Кыргыз Улуттук Агрардык университетинин Айыл-чарба факультетинин лабораториялары, илимий изилдөөлөрү жана долбоорлору тууралуу кеңири маалымат алынды. КТМУнун Айыл-чарба факультетинин жамааты академиялык жетекчилер менен тажрыйбасын бөлүшүп, айыл чарба технологиялары, туруктуу айыл чарба тажрыйбалары жана агрардык сектордогу учурдагы өнүгүүлөр тууралуу пикир алмашышты.

Бул жолугушуу эки университеттин академиялык кызматташтыгын бекемдөө жана айыл чарба тармагындагы инновацияларды бирге баалоо максатын көздөйт. Ошол эле учурда биргелешкен долбоорлор сыяктуу келечектеги кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча да талкуулар болду.

Иш сапардын соңунда КТМУнун Айыл-чарба факультетинин жамааты ыргыз Улуттук Агрардык университетинин Айыл-чарба факультетине меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди. Эки университет тең айыл чарба тармагындагы биргелешкен изилдөөлөр аркылуу секторго салым кошууну максат кылышты жана мындай карым-катнаштардын мындан ары дагы улана беришине үмүттөнүштү.