2025-жылдын 19-июнунда Баткен облусунда айыл чарбасын жана өзгөчө өрүк өстүрүүнү өнүктүрүүгө багытталган маанилүү илимий-практикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чарага Кыргыз-Түрк Манас университетинин Айыл чарба факультетинин окумуштуулары да активдүү катышышты. Факультет деканы Проф. Др. Ахмет Айгүн баш болгон делегация курамында факультет деканынын орун басары доц. м.а. Таир Эсенали уулу, Проф. Др Рефик Полат, доц. Др. Эрен Өзден жана ага окутуучу Медербек Жаанбаев катышышты. Иш-чаранын жүрүшүндө, Баткен облусундагы айыл чарбасынын абалы, өзгөчө өрүк өндүрүшүнүн көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору кеңири талкууланды. Адистердин катышуусунда өткөн семинарда дыйкандарга практикалык жардам көрсөтүү, жаңы технологиялар, аймактын шарттарына ылайыкташтырылган заманбап өстүрүү ыкмалары жана өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган илимий сунуштар берилди. Катышуучулар климаттын өзгөрүшү, ага байланыштуу айыл чарбасындагы тобокелчиликтер, жер жана суу ресурстарын туруктуу пайдалануу, өсүмдүктөрдү жана түшүмдү коргоо боюнча чаралар тууралуу да маалымат алышты. Өзгөчө Баткен аймагынын климаттык жана географиялык шарттарын эске алуу менен, өрүк өстүрүүдө интеграцияланган айыл чарба ыкмаларын жайылтуу, жергиликтүү дыйкандарды окутуу аркылуу колдоо, жаңы технологияларды практикада колдонууга киргизүү керектиги белгиленди. Айыл чарба факультетинин окумуштуулары университеттин илимий потенциалын жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жергиликтүү калктын пайдаланышына берүү үчүн активдүү иш жүргүзөрүн белгилешип, мындан ары да ушундай иш-чаралар улантыларын баса белгилешти.
Иш-чаранын сонунда катышуучулар үчүн суроо-жооп жана практикалык кеңеш берүү бөлүгү уюштурулду. Дыйкандар өз көйгөйлөрүн түздөн-түз адистерге айтып, керектүү сунуштарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул иш-чара Баткен облусунда айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана өрүк өндүрүшүн жогорулатууга багытталган маанилүү кадам катары бааланды.