2022-06-17

Даярдоо курсунун студенттери үчүн таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү


2022-жылдын 2-июнь күнү, 2021/2022 окуу жылында факультетибизге студент болуп катталган студенттериибиз үчүн факультетибизде таанышуу иш-чарасы өткөрүлдү. Факультетибиздин деканы Проф.докт. Атилла Дурсун, декандын орун басарлары, бөлүм башчылары, окутуучулар жана студенттер катышкан бул иш-чарада деканыбыз факультетибиздеги аткарылып жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди. Иш-чарада даярдоо курсунун студенттерине тандап алган кесибинин маанилүүлүгү жана келечекте ишке орношуу мүкүнчүлүктөрү жөнүндө маалыматтар берилип, студенттер суроолоруна жооп алышты