2023-05-24


Коммуникация Факультетинде Карьера Күнү


2023-жылдын 25-апрелинде Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетинде Карьера күндөрү өткөрүлдү. Факультетибиздин студенттери менен иш берүүчүлөрдүн ортосундагы байланышты түзүү максатында мамлекеттик жана жеке сектордон ишканалардын өкүлдөрү жана адам ресурстары боюнча адистер чакырылган. Иш чарага конок спикер катары Немис Кызматташтык Коомчулугунун өкүлү Гүлайым Шигайбаева, Super.kg маалымат жана оюн-зоок порталынын өкүлү Бексултан Оморбеков жана РТС бөлүмүнүн бүтүрүүчүсү Тыныстан Темиржан уулу коммуникация жана медиа тармагындагы болуп жаткан окуялар, талаптар жана көйгөйлөр тууралуу билим жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү.