2023-06-08


Доц. м.а. Мурат Челиктин "Жарнамачы болууну ким каалабайт" аттуу акыркы семинары өткөрүлдү


Бөлүмүбүзгө Орхун алмашуу программасынын алкагында Эге университетинин Коммуникация факультетинин Жарнама бөлүмүнөн конок окутуучу катары келген доц. м.а. док. Мурат Челик  студенттерибизге акыркы семинарын 07-июнда өткөрдү. “Жарнамачы болууну ким каалабайт” аттуу семинарында жарнама тармагындагы учурдагы тенденциялар жана кесиптеги мүмкүнчүлүктөрдү түшүндүрүп, студенттерибиздин билимин кеңейтип, күчтүү мотивация берди.