2021-12-23


“Телевидениеде алып баруучулук жана модератордук чеберчилик” темасында мастер класс


2021 жылдын 27-декабрда Коммуникация факультетинин кинозалында студенттер үчүн атайын "Телевидениеде алып баруучулук жана модератордук чеберчилик” темасында мастер класс өткөрүлдү. Иш чаранын коноктору КТРК каналында узун жылдар бою эмгектенип келген кесипкөй адистер Кыял Шаршеева жана Алмаз Касмалиев болду. Алгач иш-чара коноктор тууралуу аталган факультеттин студенттери тарабынан даярдалган маалымат видеосу менен башталды. Мастер класс коноктор жана студенттер ортосундагы суроо жооп ошондой эле маектешүү форматында уланып, болочок кесип ээлери өз жаатында мыктысы болуу сырларын, кеңештерин дасыккан адистерден ала алышты. Тажрыйбалуу алып баруучулар балалык чагынан тарта  кесип жолундагы кыйынчылыктар, ийгиликтер ошондой эле бир топ пайдалуу жана керектүү тажрыйбалары, пикирлери менен бөлүштү. Студенттер өз активдүүлүгүн жана кызыктардыгын көрсөтүп коноктордун атайын даярдап келген белектерине ээ болушту.