2022-10-25


«Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү, таанышуу жана багыт берүү» семинары


«Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмү, таанышуу жана багыт берүү» семинары

18-октябрь 2022 күнү Коммуникация факультетинин Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн 1 жана 2 курстагы студенттери үчүн таанышуу жана багыт берүү максатында семинар ишке ашырылды. Семинардын алкагында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин сайты, Коммуникация факультетинин сайттагы баракчасы, Радио, телевидение жана киноискусство бөлүмүнүн баракчасы, андагы камтылган маалыматтар, китепкананын мүмкүнчүлүктөрү, obis системасы, e-ders системасы, Студенттик иштер бөлүмүнүн сайттагы баракчасында камтылган маалыматтар, орточо балл түшүнүгү, сабактарга катышууну каттоо системасы, университеттин окуу процессин жөндөөчү нускамалары жана электрондук кат жазуу, мессенджерде билдирүү жазуу эрежелери/этикасы маселелери боюнча маалымат берилди.