2024-04-01


Сценарист жана кинорежиссер Далмира Тилепбергенованын “Белек” көркөм фильминин премьерасы жана чыгармачылык топтун катышуусунда мастер класс


2024-жылдын 4-март күнү Коммуникация факультетинин Кинозалында Коммуникация факультетинин RTS 1-2-3 жана 4-курсунун студенттерине сценарист жана кинорежиссер Дальмира Тилепбергенованын “Белек” аттуу жаңы көркөм фильминин премьерасы болду. Фильм көрсөтүлгөндөн кийин чыгармачылык топтун мүчөлөрү фильмдин автору жана режиссеру Дальмира Тилепбергенова, фильмдин башкы каармандары Жаннат Күрүчбекова жана Таалайкан Абазованын катышуусунда студенттерге арналган мастер класс өткөрүлдү.

Студенттер тарабынан авторго жана чыгармачылык топтун мүчөлөрүнө фильмге тиешелүү, актердук чеберчилик, режиссердук иш жана жалпы кинонун бүгүнкү күндөгү акыбалы туурасында суроолор берилип, дискуссия өтө кызыктуу жана жандуу өттү.