2026-04-30


Экономика жана башкаруу факультетинин Бизнес башкаруу бөлүмүндө маанилүү семинар – «Түркия жана Польшадагы магистратуралык билим алуу тажрыйбасы»


Экономика жана башкаруу факультетинин Бизнес башкаруу бөлүмү тарабынан уюштурулган «Түркия жана Польшадагы магистратуралык билим алуу тажрыйбасы» аттуу семинар 2026-жылдын 28-апрелинде саат 13:00–14:15 аралыгында өткөрүлдү.

Семинарда Анкара Хажы Байрам Вели Университети магистранты Курманжан Ниязбекова, Сүлейман Демирел Университети магистранты Гүлзар Шайлообай кызы жана Варшава Университети MBA студенти Билал Абдираимов баяндамачы катары катышты.

Баяндамачылар өздөрү билим алып жаткан университеттерди тааныштырып, магистратурага кабыл алуу процесси, академиялык жана социалдык тажрыйбалары, ошондой эле жашап жаткан өлкөлөрүндөгү маданий жана коомдук чөйрөгө байланыштуу байкоолору менен бөлүшүштү. Ар түрдүү өлкөлөрдө билим алуунун мүмкүнчүлүктөрү жана кездешкен кыйынчылыктар тууралуу маалыматтар студенттер үчүн пайдалуу болду.

Айрыкча Түркияда жана башка өлкөлөрдө жогорку билим алууну пландаган Манас университетинин студенттери иш-чарага чоң кызыгуу көрсөтүштү. Презентациялардан кийин суроо-жооп бөлүгү уюштурулуп, катышуучулар өздөрүн кызыктырган көптөгөн суроолорду берип, кеңири жоопторду алышты.

Жандуу жана өз ара аракетке бай өткөн семинар катышуучулардын жана баяндамачылардын канааттануусу менен, кол чабуулар астында жыйынтыкталды. Иш-чара студенттердин эл аралык академиялык мүмкүнчүлүктөр тууралуу маалымдуулугун жогорулатууга маанилүү салым кошту.

 











Dosya 1
Dosya 2
Dosya 3