2019-01-18



Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин коммуникация факультетинин RTS- бөлүмунун 1,2, 3-курсунун студенттери үчүн жыл башында түзүлгөн план боюнча  2018-жылдын 3-апрель унү саат 13.30да кино залында “ Азыркы коомдогу журналисттердин ролу” деген темада мастер-класс болуп өттү, бул иш-чарага Чүй облусттук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын директору, журналист  Калыбек Тайтакеев, баш режиссеру- Азиза Нурланова жана редактор-баяндамачы Жаңыбай Асынбеков катышышты.

Алгач Калыбек Тайткеев телерадионун милдеттери, телерадиожурналистикасынын табияты , анын коомчулук алдындагы жоопкерчилиги, аткар турган иштери, учурда эмгектенип жаткан жамааты жана Чүй облусттук телерадиоканалы тууралуу жалпы маалымат берди. Андан соң студенттердин ар кандай жагдайдагы беришкен суроолоруна канааттандыралык жооп айтты.

Ошондой эле студенттердин практика өтүүсү боюнча да Баш директор- К. Тайтекеев өзү жетекчилик кылып турган телерадиокомпанияга келип, каалагандар болсо практикаларын эч кыйынчылыксыз өткөрүүсүнө да мүмкүнчүлүк берерин билдирди. Компания менен студенттердин кызматташуусуна чакырды.

Андан соң СТВнын баш режиссеру ар кандай телерадиокомпаниянын иши эфирге келгенде режиссерлор жооптуу-милдеткер экенине токтолуп, телерадиопрограммалар кандайча даярдалып, эфирге чыгаары, чыгармачылык менен иштеген адам эртеби-кечпи өзүнүн ийгилигине жетээри тууралуу ой бөлүштү. Ал дагы студенттерди кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жаңыбай Асынбеков-баяндамачы регионалдык телерадиодон эң кыйын журналисттер өсүп чыгаарын билдирип, карапайым калктын ичинде болоорорун, алардын көйгөйлүү маселелерин көтөруп чыгаарын, ал жерде иштеген журналисттер карапайым элдерге жакын болооруна токтолду, салтка айланып калгандай студенттердин суроолоруна жооп берди.