2023-02-27


Manas Hackaton-2023


2023 жылдын 24-25 февралында Компьютердик Инженерия бөлүмүндө "Манас Хакатон-2023" программалоо боюнча студенттик жарышы өткөрүлдү.

Жарыштын уюштуруучулары жана спонсорлору катары Компьютер Инженердиги бөлүмүнүн 2021 жылындагы бүтүрүүчүлөрү менен бирге бөлүмдүн профессордук-окутуучу курамы болду.

Hackaton Poster

 
 

Жарышка 2-4 курстун студенттеринен түзүлгөн 6 команда катышты. Балдар 24 саатта берилген тапшырма боюнча программалык продуктту иштеп чыгып сунушташты. Жыйынтыгында "Манас Хакатон-2023" жарышынын жеңүүчүлөрү төмөнкү командалар болуп чыкты:

1 орун“Jokers” командасы (Адилет Бактыбеков, Нурмат Абдрахманов, Жыргалбек Шаршенов, Махмуд Кузикаев)

2 орун“3 мушкетера жана Дастанян” командасы (Ташиев Эмир, Уланбек уулу Айтемир, Рамазан Абдураимов, Чыныбек уулу Дастан)

3 орун“ManasBM” командасы (Бектемир Кумарбай уулу,  Амантур Маматазимов, Сымбат Султангазиева, Каныкей Каратаева)

Компьютери Инженердиги бөлүмүнүн профессордук-окутуучу курамы 2021 жылдын бүтүрүүчүлөрүнө  ТЕРЕҢ ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРИЕТ!