Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Өсүмдүк клиникасы лабораториясынын максаттары:
Бакалавр студенттеринин практикалык сабактарын өткөрүү жана магистратура, аспирантура студенттеринин илимий изилдөө иштерин жүргүзүү. Лабораторияда өсүмдүк ооруларынын козгогучтарын аныктоо, зыянкечтерге каршы биологиялык жана химиялык каражаттарды сыноо иштери жүргүзүлөт. Ошондой эле биологиялык күрөштө колдонулуучу организмдерди көбөйтүү, биотыңайткычтар жана ушул сыяктуу продукциялар лабораториялык шартта сыноодон өткөрүлөт. Бул иштерди жүргүзүү үчүн лаборатория ферментёр, автоматтык чайкоочу (шейкер), термостат жана спектрофотометр менен жабдылган.
БӨЛҮМҮ: Өсүмдүктөрдү коргоо
Лаборатория жайгашкан жер (имарат – бөлмө номери): Агрардык факультет, B корпусу, 104 жана 105-бөлмөлөр
Лабораториянын/цехтин аты: Өсүмдүк клиникасы лабораториясы
Лабораториянын/цехтин ачылган жылы: 2017-жыл
Лабораториянын/цехтин максаты:
Дыйкандардан алынган оорулуу өсүмдүк материалдарын талдоо, патогенди бөлүп алуу, аны аныктоо жана дарылоо ыкмаларын аныктоого багытталган иштерди жүргүзүү
Лабораториянын/цехтин түрү (илимий, көмөкчү, окутуу):
Окутуу, илимий изилдөө жана практикалык колдонуу максатында түзүлгөн
Лабораториянын аянты жана сыйымдуулугу (адам саны): 79,2 м² жана 20 адамга ылайыкталган
Учурдагы жабдуулар үчүн сарпталган сумма (сом/доллар): 53 208 АКШ доллары