2018-01-03


“IT Attractor компаниянын мисалында программдык долбоорлордун үстүндө иштөө” аттуу семинар


Кулактандыруу!

Кыргыз-Турк “Манас” Университетинин Инженердик факультетиндеги Компьютер инженердиги бөлүмүндө потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен жана маалыматтык технологияларындагы ар кандай багыттарга ээ болгон адистер менен жолугушуулар өткөрүлөт.

“IT Attractor компаниянын мисалында программдык долбоорлордун үстүндө иштөө” аттуу семинар, IT Attractor фирмасынын программдоочусу Жылдыз Аликеева тарабынан өткөрүлөт. Семинар 5.01.2018 жылы 523 аудиторияда өткөрүлөт.

 Жолугушуулар учурунда студенттерге программдык жабдыктар рыногунун абалы, ошондой эле ар түрдүү мекемелерде маалыматтык технологиялар багытындагы адистерге коюлган талаптар тууралуу актуалдуу маалыматтарды алууга мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, студенттерге долбоорлорду башкаруу жана программаларды иштеп чыгуу заманбап аспаптар менен практикалык түрдө таанышууга мүмкүнчүлүк берилет.