МАКСАТЫ:

Айлана чөйрөнү коргоо жана экология инженерлик иш-чаралар боюнча теориялык билимдерин жана кесиптик көндүмдөрүн колдоно ала турган, инженерлик көйгөйлөрдү чечүү үчүн керектүү системаларды долбоорлоо жана ишке ашыруу, жыйынтыктарды чечмелөө, өнүгүп келе жаткан технологиялардан артта калбоо менен мамлекеттик, расмий жана жок дегенде бир чет тилде баарлаша ала турган кесиптик этикага ээ экология инженерлерин даярдоо.


ОКУУ НАТЫЙЖАЛАРЫ:

1. Математика, илим жана инженерия боюнча алган билимдерин экология инженерлиги маселелерине колдоно алат.

2. Маалыматтарды талдоо, эксперимент жүргүзүү, долбоорлоо, натыйжаларды интерпретациялоо жөндөмүн колдоно алат.

3. Көптөгөн факторлорду эске алуу менен экология инженерлиги чөйрөсүндө болгон инфраструктура, коммуникация системаларына байланыштуу процесстерди дизайн кылып, моделин тузүп долбоорлой алат.

4. Инженерлик практиканын ден-соолукка, айлана-чөйрөгө жана коопсуздука тийгизген таасирин универсалдуу жана коомдук өлчөмдөрдө түшүнөт жана инженерлик тармагында чагылдырылган көйгөйлөрдү чечет.

5. Кесиптер ичинде жана кесиптик аралык командаларда өз алдынча иштей алат.

6. Ойлорун ачык жана түшүнүктүү, оозеки жана жазуу жүзүндө, расмий түрдө жана жок дегенде бир чет тилинде айтып, баарлаша алат.

7. Өмүр бою билим алуунун зарылдыгын кабыл алып, илимий-техникалык өнүгүүлөрдөн кабардар болот.

8. Инженерлик колдонмолордо кесиптик жана этикалык жоопкерчиликти түшүнөт.

9. Ишкердик, инновация жана туруктуу өнүгүү боюнча билимге ээ болот.