2023-03-28

"ИЛИМИЙ МАКАЛАЛАРДЫ ДАЯРДООНУН ЫКМАЛАРЫ" аттуу семинар


Электроника жана электр инженерлиги бөлүмүнүн ага окутуучусу PhD доцент Мирбек Турдуев “Илимий макалаларды даярдоонун ыкмалары” аттуу семинарды магистратура жана докторантурада окуп жаткан студенттерге өткөрдү.

Семинарда илимий макалаларды даярдоонун этаптары жана бул макалаларды кеңири таралган эрежелер, принциптер тууралуу айтып берди. Тактап айтканда, студенттерге, жаш окутуучуларга жана илимий кызматкерге пайдалуу болушу үчүн макала жазуу эрежелерин абдан так мисалдар менен кыскача айтып берди. Мындан тышкары илимий-изилдөө жолдун башында турган докторанттар жана аспиранттар үчүн диссертация, макала, презентация ж.б. у.с. иш-чараларды баштоо боюнча адабияттарды кароодон баштап этикалык эрежелерге ылайык колдонулган булакты кантип көрсөтүүгө чейин кеңири маалымат берди.

PhD доцент Мирбек Турдуев жазыла турган илимий изилдөөнүн аталышы, автор(лары) жана абстракттуу бөлүктөрү тууралуу кыскача түшүндүрмө берип, андан соң редактордун жана окурмандардын макала агымын ээрчип жүрүүсүнө жол картасы болгон IMRAD форматына кеңири токтолду. Кийинчерээк ал журналдын редакторуна кат жазууда, калыстарга жооп берүүдө жана макаланы кайра карап чыгууда колдонулушу керек болгон жалпы эрежелерди мисал келтирди.