2023-05-31

КОМПЬЮТЕР ИНЖЕНЕРДИГИ БӨЛҮМҮНҮН 3-КУРСУНУН СТУДЕНТТЕРИНИН ИЙГИЛИГИ


2023-жылдын 5-6 май күндөрү Бишкекте Европа Биримдигинин Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн колдоосунда Transparency International уюму И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен өнөктөштүктө “DT4CE” Hackathon уюштурулду. Hackathon «Кыргызстандагы жарандардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн санариптик технологиялар (DT4CE)» долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Кыргыз Республикасындагы жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жаңы электрондук платформаны ишке киргизүү максатында уюштурулду.

“Кыргызстандагы жолдорду жакшыртуу багытында маалыматтык технологияларды колдонуу” темасы алдында уюштурулган hackathonдун негизги максаты болуп, санариптик технологиялар аркылуу жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жарандык коомдун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү каралган. Ал эми аталган конкурска катышкан студенттердин милдети Кыргыз Республикасында жол инфраструктурасын жакшыртуу үчүн жарандар менен мамлекеттин ортосундагы байланышты арттыруу үчүн платформаны түзүү болгон. Hackathonго компьютер инженердиги бөлүмүнүн 3-курсунун студенттери (Талгарбек Тилекматов, Бектемир Кумарбай уулу, Марсел Маданбеков, Асан Зулпукаров, Айтемир Уланбек уулу, Амантур Маматазимов) катышышты. Жарыштын жыйынтыгында студенттерибиз 2- орунду багындырышып, 40000 сом өлчөмүндөгү байгеге ээ болушкан. Биринчи орундун эч бир командага ыйгарылбагандыгын эске алсак, биздин студенттердин биринчи орунду багындырышкандыгын айтууга болот.