2020-03-24


MUZ-112 Dünya Müzik Tarihi II / Doç. Rafael Sarlıkov


MÜZ – 112 Дүйнө музыка тарыхы 2 Р. Сарлыков 
Биринчи курстун жазгы семестринде дүйнө музыка тарыхы сабагы боюнча 
төмөндөгүдөй материалдар өтүлөт: 
Профессионал музыкалык искусствонун түзүлүшү. Хор жана ыр музыкасы. 
Кантата жана оратория. Музыкалык тетар: опера, балет, музыкалык комедия, 
аткаруучулар, композиторлор. Драм театр үчүн музыка жана киномузыка. 
Симфониялык, камера-инструменталдык жана вокалдык музыка. Персоналдар. 
Музыка билими жана музыкалык билим берүү. Байыркы (Турция, Египет, Кытай, 
Греция.) музыкалык искусствосу ; музыка айланасындагы идеялык күрөштөр; 
Орто кылым ( чиркөө жана музыка, граждандык жанрлар, орто кылым театрнын 
музыкасы); Кайра жаралуу доорундагы музыка, башкы тенденция- дүйнөнүн 
түрдүү көрсөтүлүшү, музыкалык элементердин гармоникасы, нота басмасынын 
башталышы. Музыка театрынын өсүү жолу, опера, музыка- педагогикалык кайра 
жаралуу, музыкалык мектептер жана музыкалык агартуу; Агартуу доорундагы 
музыка, музыка жана философиялык идеялар, музыка жана саясий- коомдук 
кыймылдар, музыка-педагогикалык көз караш. Батыш Европалык музыка, он 
тогузунчу кылымдагы музыка стилинин өзгөчөлүктөрү. Музыкалык искусствонун 
өсүү тенденциялары жана проблемалары.  
 Курстун жазгы семестринде орустун улуу үч композиторунун өмүрү жана 
чыгармачылыгына кеңири талдоо жүргүзөбүз. Булар – М.П. Мусоргский, 
С.В.Рахманинов, М.И. Глинка. 
 
                                     Модест Петрович Мусоргский 
                                                 Өмүр баяны 
      Модест Петрович Мусоргский орус элинин белгилүү композитору, пианист, 
Дүйнөлүк музыкалык искусствонун тарыхында музыкант-новатор катары 
белгилүү. Чыгармаларындагы мүнөздүү белги: өз алдынчалык, өзгөчөлүк , 
элдүүлүк, турмуш тиричиликти чагылдырган ачык суреткерлик болуп саналат. 
Психологияга жасаган чеберчилиги, аны аныктап берүүгө умтулуусу, өз алдынча 
музыкалык тили, эски формаларды кайталабастыгы, өзүнүн жаңычылдыгы, 
чындыкты берүү максатында колдонгонуну тастыктайт. Өзүнүн чакан вокалдык 
чыгармаларынын автору, операнын либреттосун жазып, өзүн таланттуу 
драматург, адабиятчы катары көрсөткөн. 
      Ал 21-мартта 1839-жылы Карево Торопецкий кыштагында Псковский 
губерниясында төрөлгөн. Кичинекей кезинен эле , үйдөн фортепианодо 
ойногонду үйрөнгөн. Кийин Петербург шаарына көчүп келгенден кийин, пианист 
Геркеден окуп улантат. Андан кийин М.Балакиревден окуган. 
      1852-жылы Гвардиянын прапорщигин даярдаган мектепке тапшырган, аны 
бүтүп Преображенскийдин полкунда либералдык гвардиянын офицери болуп 
кызмат өтөгөн. 1856-жылы Даргомыжский менен таанышкан. Ц.Кюи, М.Балакирев менен 1858-жылы таанышып, таанышуудан кийин өзүн “бүтүндөй 
музыкага арнаймын” деген чечимге алып келет. Каражаттын жетишсиздигинен, 
абал аны токой департаментинде инженер болуп иштегенге мажбурлаган.1879-
жылы ырчы Д.Леонова менен концерттик жүрүш жасап Украина, Крымда 
болгон. 
     Өзү ачкан музыкалык класстарда аткаруучуларды коштоп туруучу болуп, 
аспапта ойноп эмгектенген. Уралдык улуттук консерватория М.П.Мусоргскийдин 
ысымында. Ал 1881-жылы Петербургда көз жумган. 
                                               Чыгармачылыгы 
Модест Петровичтин опера жаратууга кызыгуусу анын чыгармачылык 
талантынын көп кырдуулугунан, чыгармачылык түшүнүктөрүнүн кенендигинен, 
театрга тиешелүү ыкмаларды, сүрөткерликти , кооз образдарды изденүүсү, 
түркүн-мүнөздөгү портреттерди жаратышы, ачуу чындыкты чагылдырган 
мазмундуу окуяларды жактырышынан улам пайда болду деп билсек болот. 
Опера жазуудагы алгачкы тажрыйбаларын М.Мусоргский өзүнүн чыгармачылык 
ойлорунда  бышырып жүрүп жараткан. 
      Музыкалык трагедиясы “Эдип” деп аталган. “Саламбо” – Г.Флобердин ушул 
аттагы романынын негизинде жазылган. “Үйлөнүү” Н.Гогольдун  повестинин 
негизинде жазылган. “Борис Годунов” , “Хованщина” опералары калыстык 
менен дүйнөлүк жана орус классикалык операларынын чыгааны деп аташат. 
Аспаптык чыгармаларынын мурасында белгилүүлөрүнөн болуп , педагогикалык 
репертуардык пъесага кирген фортепианолук чыгармасы “Көргөзмөдөгү 
сүрөттөр” деп аталган, чыгармалардын топтому кирет. Бул фортепианолук 
сюиталардын программасы, музыкалык сүрөттөр, сүрөтчү В.Гартмандын 
көргөзмөдөгү сүрөттөрүнө чыгарылган. Операларына кайрылсак жогоруда 
айтып кеткен “Борис Годунов” операсы күчтүү инсандын образы өзүнүн 
максатына жетүү үчүн хандык такка отуруу үчүн, кылмыш иштерин жасаган, 
анын кирдеген абийири жайына койбой ээрчип,элди кыйнаган. 
      Ал эми “Хованщина” өзүнүн көркөмдүгүнө жана музыкалдуулугуна  
карабастан театрда сейрек коюлат, анын биринчи себеби сахнада коюудагы 
кыйынчылыктар менен байланыштуу. Көрүнүштөрдүн көптүгү, басымдуу түрдө 
элди көп талап кылышы, анын, көлөмдүүлүгү (беш көрүнүштөн турушу) 
кыйынчылыкты туудурат – деген ойдо болушкан. 
 
                                 Сергей Васильевич Рахманинов 
                                              Өмүр баяны 
    Сергей Васильевич Рахманинов 1873-жылы Новгород губерниясында 
төрөлгөн. Орус элинин көрүнүктүу композитору, пианисти, дирижеру болгон. 
Орус элинин музыкалык маданиятынын улуу салтын уланткан композиторлордун бири. Анын жаркыраган чыгармаларынын аркасында орус 
музыкасынын өз алдынчылыгы, тазалыгы, байышы көрүнүп турат. Бул 
эмоционалдык толуктоолору, тематикасынын өзгөчө бөтөнчөлүгү,гармониясы 
башка музыкалык стилди түзүүсү болуп саналат. 
     Укмуштуудай мыкты пианист өзүнүн чыгармачылыгында жаңы 
мейкиндиктерди ачууда, фортепианодо ойногонду үйрөнүүдө, мыкты ойноодо 
көп мүмкүнчүлүктөрдү жараткан жана ал фортепианодо ойногонду үйрөнүүнү 4 
жаштан сунуштаган. 
     Музыкалык билим алууну 1888-жылдан баштаган. Ал Петербургдагы 
консерваторияда окуп, аны кийин Москва консерваториясында уланткан. Ага 
В.Виолотти , А.С.Аренкий , С.И.Танаеев билим берген. Бүткөндөн кийин сабак 
берүүчүлүк жана концертте ойноо ишмердигинде эмгектенген. С.Мамонтовдун 
менчик операсына 1898-жылы дирижерлук кылган. 
      1888-жылы чоң театрда дирижер болгон. Пианист катары дагы иштеген. 
Европанын көп шаарларында дирижер болуп чыккан. 1909-жылы АКШда 
концерттик гастролдо болгон. 1917-жылы чет өлкөгө биротоло кеткен. Адегенде 
Европада, андан кийин АКШда жашаган. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде 
Советтик армияны колдогон чыгармаларды жараткан жана акча чогултуу ишин 
жүргүзгөн. Ал акчаны Советтик армияны колдоого жумшагысы келген. 
Рахманинов композитордук жолунда, , орус музыкасынын салттарын уланткан. 
Рахманиновдун чыгармаларында орус элдик ырлардын салтына тиешелүү 
абаздуулук, ритм боюнча да, фактурасы, кооздугу боюнча да байланышып орус 
эл ырларын байытып, улантып турат. С.Рахманинов 1943-жылы АКШда каза 
болгон. 
 
                                      Михаил Иванович Глинка 
                                             Өмүр баяны 
  Михаил Иванович Глинка –классикалык орус музыкасынын, улуттук опера 
жанрынын, орус салттык симфониянын, классикалык орус романстарынын негиз 
салуучусу. 
      М.Глинка орус композиторлорунун ичинен биринчи болуп жогорку 
деңгээлде мезгил талабына ылайык өнүктүрүп, Европа композиторлорунун 
мүмкүнчүлүктөрүн, каражаттарын өздөштүрүп, алардын техникасын: (форма, 
гармония, полифония) орус элдик ырларынын жаратылышы менен 
ширелиштирген. Глинка орус композиторлорунун ичинен биринчи болуп 
жогорку деңгээлдеги Европалык билимге ээ болгон. 
     Ал 1804-жылы Новоспасский Ельнинский, Салоненек губерниясында 
төрөлгөн. Алгачкы музыкалык билимди үйдөн алган. 13 жашында үй-бүлөөсү 
Петербургка (1817-жылы) көчүп келгенден кийин Россиядагы белгилүү 
педагогдор Д.Фильдден жана Ш.Маерден билим алган. 
      1830-1834 жылдарда чет өлкөлөр Италияда, Австрияда, Германияда, жашаган. Берлинде З.Дендин жетекчилиги менен өзүнүн музыкалык билимин 
тартипке салган. 1837-жылы менчик хор капелласында, капельмейстердин 
кызматын аткарган. Ошол учурда чыгармачылык ишмердүүлүгү менен 
Украинада, Парижде, Испанияда (1845-1847-жж.) болуп, баардык жерде 
кызыгуу менен элдердин музыкалык маданияты менен таанышкан. Глинка эң 
эле сергек аспап үчүн – адамдын үнүнө ылайыктуу музыка жазганды жакшы 
көргөн. М.И.Глинка өз музыкасында орус элинин шайыр, жаркын мүнөзүн ача 
алган. Орус музыкасынын гүлдөп өсүшү Глинкадан башталган. Анын ысымы 
орус, композиторлорнунун ичинен биринчи болуп дүйнөгө белгилүү болгон. 
М.И.Глинка 1857-жылы 3-февралда Берлинде көз жумган. Анын сөөгүн 
Петербург шаарына алып келип көмгөн. 
                                                 Чыгармачылыгы 
    Орус жана дүйнөлүк симфониянын өнүгүү тарыхында Глинканын 
тажрыйбалары: ачык драматикалык, татаал симфониялык чыгармаларды, элдик 
музыканын негизинде жаратууда жогору бааланган, кеңири пайдаланылган. 
     “Камаринская” увертюрасы элдик ырларды симфонияда иштеп чыгуу 
чыгармасынын үлгүсү болуп контрасттык темалардын жакындашы, эки 
контрасттуу элдик ырлардын каражаттарында “эки ирет вариациялардын” 
формасын өздөштүргөн. “Арагонская хота” жана “Мадриддеги түн” 
увертюралары кооз боектуу, сүрөттүү, салттык симфония болсо, “Вальс - 
фантазия” концерттик вальс Россиянын салттык симфониясынын башаты десек 
болот. 
       М.Глинка орус классикалык опера салттарын баштоочусу болуп саналат. 
“Иван Сусанин” жана “Руслан и Людмила” операларында биринчиден, 
опералык драматургиянын лирика-драматикалык жана эпика-картиналык 
үлгүлөрүн киргизет. 
     “Иван Сусанин” операсы улуу баатырдык, патриоттук темадагы кайгылуу 
чыгарма. Негизги чатакты бири-бирине душман болгон эки күч, орустардын 
жана баскынчы половецтердин кагылышуусу түзөт. 
     “Руслан жана Людмила” жомок операсы А.С.Пушкиндин чыгармасынын 
негизинде пайда болгон. Ар бир каарман чыгарманын борборунда болуп турат. 
Руслан, Людмила, Фарлаф, Ратмир, Финн, Черномор, Наина ж.б. Ошону менен 
эсте калаарлык музыкалык башкы каармандардын мүнөздөрү аркылуу 
борбордук негизги музыкалык интонация даярдалып олтуруп, кызыктуу 
музыкалык драмалык чыгарма пайда болот. Бул эки опера кийинки орус 
композиторлору үчүн опера жаратуудагы негизги жана биринчи үлгү боло ала 
турган чыгарма болуп эсептелинет. 
 
   Үй тапшырмалары:  
  Орустун улуу композиторлорунун дүйнөлүк музыкага кошкон салымы. 
  Композиторлор Мусоргский, Рахманинов, Глинканын 
чыгармачылыктарынын өзгөчөлүктөрү. 
  Бул композиторлордун кыргыз профессионалдык музыкасына тийгизген 
таасири. 
  Опера жанрындагы жаңылыктары. 
  Рахманиновдун фортепианолук чыгармаларынын пианистерге тийгизген 
таасири. 
  М.И. Глинканын романс жанрындагы ачылыштар. 
 
Колдонулуучу адабияттар:  
 
Б.Асафьев “ Музыкальная форма как процесс.” – Л; 1963г. 
Г.Бернант , И.Ямпольский “ Советские композиторы и музыковеды” –М; 1961г. 
Н.Зоркая “ История искусств народов СССР” –М; Изобразительное искусство, 
1984г. 
Ю.Бычков “Концепция спектакля в оперных театрах” –Советская музыка, 1970г.