2026-04-27
Үстүбүздөгү жылдын 3-апрелинде Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин көркөм өнөр факультетинин театралдык искусство бөлүмү Шаршен Темирчеков атындагы Чүй облустук драма жана сатира театрында жазуучу Гаарба Орозматовдун «Күдүк» романынын бет ачарына арналган маданий иш-чарага катышты.
Иш-чаранын ачылыш бөлүгү мазмундук жана көркөмдүк жактан жогорку деңгээлде уюштурулуп, театралдык искусство бөлүмүнүн ага-окутуучусу Таалайгүл Ташманбетованын жетекчилиги алдында “Жан-дүйнө” поэзия клубу тарабынан даярдалган поэзиялык композиция жана театралдашкан перформанс көрүүчүлөргө сунушталды. «Күдүк» романынын негизги актуалдуу маңызы анын көркөм интерпретациянын тереңдиги студенттердин аткаруучулук чеберчилиги көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алуусуна түрткү берип, чыгарманын мазмунун таасирдүү жана эстетикалык деңгээлде ачып берүүгө өбөлгө түздү.
Иш-чаранын жыйынтыгында чыгармачыл топтун эмгеги жогору бааланып, бир катар сыйлыктарга татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын «Заман» адабий бирикмеси тарабынан “Жан дүйнө” тобу чыгармачылык изденүүлөрү жана жогорку деңгээлдеги аткаруучулук чеберчилиги үчүн «Мактоо баракчасы» менен сыйланды. «АЛАКА» эл аралык коомдук фонду тарабынан “Жан дүйнө” тобуна жазуучу Гаарба Орозматовдун «Күдүк» романын жогорку деңгээлде сахналаштыргандыгы үчүн Ардак грамотсы ыйгарылды.
Аталган жетишкендиктер окуу жайыбыздын студенттеринин чыгармачылык потенциалын жана педагогикалык курамдын кесиптик деңгээлин айгинелөө менен бирге, маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана улуттук көркөм мурастарды заманбап формада жайылтууга жол ачып жаткандыгы жана заманбап билим берүүнүн элементтери катары бааланары ачык көрүнүш.
.jpeg)
.jpeg)
.jpeg)
